Menu

Видео – Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылуу жасап, быйыл 9-июнда кезексиз президинттик шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин 19-мартта жарыялаган. Бирок ал Казакстандын Коопсуздук кеңешин башчысы жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын жетекчиси кызматтарын сактап калган.

Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, Казакстандын президенти кызматына киришкен. Ошол эле күнү өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева парламенттин спикерлигине шайланган. Анын талапкерлигин буга чейин сенаттын төрагасы кызматын аркалап келген жаңы президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Талдоочулар Назарбаеваны өлкө башчылыгына негизги талапкер катары эсептеп келишет.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыгат. Ал Казакстанда 1979-жылы эле бийликке келип, алгачкы жолу 1990-жылы президент болгон. Андан кийин бул кызматка бир нече жолу шайланган. Анын акыркы президенттик ыйгарым укуктары 2020-жылы аякташы керек болчу. Назарбаев 2017-жылы эле мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү эң узак башкарган президент болуп калган.

65 жаштагы Токаев — сенаттын мурдагы төрагасы, Казакстандын экс-премьер-министри жана мурдагы тышкы иштер министри. Ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Назарбаевдин 19-марттагы жарлыгына ылайык, ал президенттин учурдагы ыйгарым укуктары аяктай турган 2020-жылдын декабрына чейин мамлекет башчынын милдеттерин аткарышы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: