Menu

Могерини Казакстанда адамдардын жапырт кармалышы боюнча пикирин билдирди

Бөлүшүү:

Европа биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөрдү алдыга жылдыруу аракети айрым учурларда «оор жараяндарга» алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Ал 7-июлда «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда Борбор Азия бул аймакта өз таасирин бекемдөө үчүн атаандашып жаткан түрдүү өлкөлөр, анын ичинде Европа биримдиги, АКШ, Орусия жана Кытай менен кызматташууда эркин болушу керектигин билдирди.

6-июлдагы Казакстандын бир катар шаарларында адамдардын жапырт кармалышы тууралуу суроого жооп берген Могерини ЕБ Казакстанды, ошондой эле аймактагы башка өлкөлөрдү адам укуктары тармагындагы стандарттарды жакшыртуу аракеттеринде ырааттуу болууга, адамдардын өз пикирин эркин айтуусун камсыз кылууга жана ЖМКлардын шарт түзүп берүүгө чакыра турганын кошумчалады.

Жекшембиде Казакстандын бир катар шаарларында митингдер өтүп, жүздөгөн адам кармалган. Алар сот тарабынан өлкөдө экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын өкмөткө каршы митингдерин колдоп чыгышкан. Полиция кызматкерлери кармалгандардын көпчүлүгүнө карата күч колдонгону кабарланууда. Азырынча кармалгандардын так саны белгисиз бойдон калууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: