Menu

Алмазбек Токторов, ЖК депутаты: “Мыйзам карандай эле кагаз эмес, ал таасири күчтүү документ”

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн 2018 – жыл үчүн отчету Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосунан өтүп жатат. Социалдык багыттагы аткаруу бийлигинин жүзөгө ашырган иштери Социалдык саясат боюнча комитеттин кароосунан өтүп, жактырууга ээ болгон. Жалпысынан колдоого татыган менен, отчеттун кемчилик жактары да белгиленип, депутаттардын сынына кабылган. Бул багытта кеңири маалымат берип, ЖК депутаты, Социалык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрага орун басары Алмазбек Токторов бүгүн, 10 – апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир кабыл алынып жаткан мыйзамдын иштеп кетишинде өкмөттүн жоопкерчилиги жогору. Ошондуктан, мыйзамды жөн эле жазылган кагаз катары эмес,  аны таасири, духу күчтүү документ катары таануу керек, – дейт эл өкүлү.

“Эл арасында өкмөт ишине “2” деп баа бергендер угула калып жатат. Бирок, ар бир аткарылган иштин артынган жоопкерчилиги бар экендигин унутпашыбыз керек. Ошондуктан, мээнетти баалоодо маңыроо караган жарабайт. Таразанын калыс өлчөнгөнү жакшы”, – дейт А.Токторов. Ошондой эле ал, – титулдук тизмеге кирген курулуш объектилери өң таанышка карабай, калыстык менен тандалышы керектигин да кошумчалады.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: