Menu

Видео – Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Садыр Жапаровдун криминал менен да, Бакиевдер менен да, Матраимов менен да байланышы жок”

Бөлүшүү:

“5-октябрда криминалдар Ала-Тоо аянтына келгени чын. Алар Сооронбай Жээнбековду бийликте калтыруунү көздөшкөн. Андан кийин Садырдын жер-жерлердеги балдары масса менен келип калды. Андан кийин криминалды четинен сүрүп чыгарышты, алар роль ойнобой калышты” – деп билдирди Нарын облусунун экс-губернатору, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, ИИМдин мурдагы жетекчиси, генерал Өмүрбек Суваналиев аналитик Нарын Айыпка берген маегинде.

“Садыр Жапаровдун криминал менен байланышы жок. Анын колдоочулары “Мекенчил” партиясына кирген карапайым эл. Өзгөчө өлкөнүн түндүк жагындагы жарандар Садыр Жапаровду аябай катуу колдоду. Бул анын электораты. 5-октябрь түндө Ак үйдү басып алгандан кийин ал жерге бир гана “Садыр президент!” деген Садырдын электораты, партиялаштары калган. Алар “Садыр түрмөдөн чыгат”, “Садыр президент болот” деп күтүп турушту. Андан кийин Садыр чын эле түрмөдөн чыкты, анан бийликти колго алды” – деди генерал Суваналиев.

Өмүрбек Суваналиев айрымдар Садыр Жапаровду кылмышкерлер менен байланышы бара жана аны Бакиевдер каржылайт деп, аны элге жаманатты кылгысы келгенин айтты. Ошондой эле, Садырды Раим Матраимов колдойт деген негизсиз ушактарды таркатышканын, буга чейин бир дагы бийлик Камчы Көлбаевге тийишпегендей эле Матраимовго да тийишкен эместигин, бирок Садыр Жапаровдун тушунда Көлбаев камалып, Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга аргасыз болгонун кошумчалды.

“Матраимов менен анын жубайы “Магнитский тизмесине” киргени өтө олуттуу жана ага козголгон иш аягына чейин чыга тургандыгын көрсөтүп турат. Бул чоң сокку болду. Анткени, Американы Европа дагы колдойт. Эң башкысы, бул саясий эмес, криминалдык маселе. Бизден “Магнитскийдин тизмесине” бир гана криминал боюнча киргизилет” – деди Өмүрбек Суваналиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: