2017- жылдын 17-ноябрында Талас облустук сотунда Талас шаарынын № 1 – мектебинин 9-классынын окуучулары үчүн «Ачык эшиктер күнү» уюштурулду. Бул иш-чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана сот тутумуна ишенимди арттырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлоого, ошондой эле сот адилеттигинин ачык-айкындуулугуна багытталган. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун алкагында төраганын орун басарлары Токтосун у. К. жана Жамангулов Ж. сот имаратында окуучулар үчүн экскурссия жана маектешүүөткөрүп, анын алкагында судьялардын жана соттун аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып беришти. Мындан тышкары фемида өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексине ылайык балдардын укуктары туурасында, мыйзамдарды урматтоо жана аларды милдетүү түрдө аткаруу боюнча дагы маалымат беришти. Жыйынтыгында судьялар окуучуларга билим алууда ийгиликтерди каалап, келечекте мыкты кесиптин ээси болууга чакырышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ