Мадагаскар Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын 3-9-октябрь аралыгында кара тумоодон (чума) 33 адам каза болуп, 231 адам ооруган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан Мадакаскарга жөнөтүлгөн 1,2 миллион доза вакцина 100 миң адамды коргоого жана дарылоого жетет. Жогорудагы уюм Мадагаскардын ичиндеги кыймылдарга чектөө коюунун зарылчылыгы жоктугун сунуштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ