Menu

Адамдык бедели бийик Адамкуловага жооп…

Бөлүшүү:

Бир кездери Кыргызстандагы жогорку билим берүүчү окуу жайлардын флагманы катары эсептелип, келечектин ээси болууга ашыкан жаштардын ар бири эшигине бир баш багууга ашыккан Кыргыз улуттук университети тууралуу жаза берип чарчадык. Атаганат, окуу жай ошол бийик атына көлөкө түшүрбөй, заманбап кадрларды даярдоодо бараандуу салымын кошуп, окуу жай тиги Гарвард, Кембридж университетин мындай кой, Орто Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичиндеги кадыр-баркын кармап калып, анан биз ошону жазып жатып чарчасак мейли эле. Тескерисинче, биз окуу жайдын бүтүрүүчүсү катары, ошол бизге кесип берген мекеменин бүгүнкү акыбалы, тагыраагы, аны ушул абалга алып келип жаткан жетекчилиги, ачык айтканда ректор Чынара Адамкулованын “реформалык” аракетин жазууга аргасыз болуудабыз.

Ооба, “отурганда эле ээрге кыйшык отурган” болуп, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорун шайлоодо эң көп добуш алган үч адамдын алдыңкысы Алтай Бөрүбаев эмес, акыркы орунду алып калган Чынара Адамкулова өкмөттүн жактыруусу менен дайындалган эле. Ошондо да биз бул сырдуу ишти иликтегибиз келбей, балким, Чынара Адамкулова чындап менеджер, билим берүүгө бүгүнкү күндүн талабы менен караган, окуу жайдын кызматкерлери менен студенттерин сыртынан эмес, ичинен билген табылгыс кадрдыр, ошондуктан дайындалып жаткандыр деп ойлогонбуз. Бирок ректор айым биздин ошол ойлорубузду улап кете алган жок, окуу жайдын ошондон бери чырдан башы чыкпай, окутуучулар жамааты уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп тил табыша албай, аркасы арызчыл, алды митингчил болуп, кайран окуу жайдын “кабыргасын сындырып” турат.
Биз болгону ошону жаздык. Биз окутуучулардын аттестациядан өткөрүүдө калпыстыктар кетип, ректор жана анын командасына жакпаган кызматкерлерди атайылап экзаменден төмөнкү балл менен өткөрүү аркылуу иштен алуу болуп жатканын жаздык. Далилдери менен жаздык. Окуу жайдын каржылык-чарбалык иштеринде мыйзамдан четтеген жагдайлар болгонун, анын ичинде миңдеген студенттерден чогултулган акчалар дарексиз колдонулуп жатканын жаздык. Бул боюнча окутуучулар өздөрү айтып, биздин басылмага эмес, Жогорку Кеңешке чейин жолдоп жатканын, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөр болгонун жазып жаттык. Жазган калемибиздин сыясы кургай электе, чындап эле мыйзамсыз каржы иштери боюнча ИИМдин экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн башкармалыгы тарабынан укук бузуулар табылып, кылмыш иши козголуп, ал тургай айрым кызматкерлер камакка алынды. Муну биз эле эмес, ММКлардын дээрлик көпчүлүгү жазып жатты.

Ошондой эле ондогон окутуучулар, анын арасында жөнөкөй эле методист кызматкерлерден тартып редакциябызга далай катташты, кат ташташты, ачык-айкындуулук издеп, коомчулуктан колдоо күтүп, жогорку бийлик органдарына кайрылууларды жазышты, басылманын милдети ошол, жарыялап бердик.

Бирок ушундай эле мыйзамдын негизиндеги иш-аракеттерибизге карабай, КУУнун ректору Чынара Адамкулова биздин гезитти сотко берип, “жарандык ар-намысына шек келтиргени үчүн жоопкерчиликке тартууну суранам” деп арыз жазган экен, сот кызматкерлери бул “сүйүнчүнү” бизге таштап кетишти. Макул дедик, ырас, Чынара Адамкулова тууралуу көп жаздык, аны танбайбыз, фактылар менен коштолгонун, анын ичинде Адамкулованын акылдуу же аңкоо экендиги, ууру же ыймандуу экендиги, паракор же чынчылдыгы тууралуу атайын материал даярдаган жазбаганыбызды, биз болгону ишиндеги кемчиликтерди гана сындап келгенбиз. Биз бул үчүн жооп берүүдөн качпайбыз.

Баса, жакында эле “Азаттык” үналгысы да бакыйтып туруп эле “Чынара Адамкулова ишиндеги айрым кемчиликтерди мойнуна алды” деген баш тема менен материал чыгарды. Бул болсо биз дагы ошол “айрым кемчиликтерди” гана жазып келгендигибизди, демек аларды ректор айым моюндаса, чындыктын так түндүгүнөн түшүп жазып келгенибиздин бирден-бир далили. Мындай жагдайда соттун деле көзү сокур эмес да, жеңиш албетте биз тарапта болот.

Ал эми ректор айымга айтаарыбыз, “эт жебесем таш жейин, этегиңди жапчы кудагый” деген ылакапты эске алуу менен балким кошоматчы, шыкакчыларга ишенбей, биз жазган макалалардын топтомун кайра бир карап койсо. Кокус ал жерде адамдык абийирге камчы чапкан учурлар жок болуп калып кайра өзү уят болбосо эле дейбиз да. Ооба, сиз мыкты эне, жакшы жар, күчтүү илимпоз, күйүмдүү бир туугандырсыз, бирок иш бар жерде кемчилик болбой койбогон соң, ачуу-таттуу сындарга чычалап эмне кереги бар?! Биз менен соттошуп убактыңызды короткончо окуу жайдын ишин эптеп, окутуучуларды жөндөбөйсүзбү?!

Тынчтык Алтымышев

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: