Свердлов райондук сотунда бүгүн, 19-декабрда, саат 14:00дө Матраимовдордун үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызы каралып, сот жабык түрдө өтүп жатат.
Айыпталуучулардын адвокаттары менен күбөлөр гана киргизилип, ал эми ЖМК өкүлдөрү сыртка чыгарылды.
Эске салсак, Раим Матраимов, агасы Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөсүнө таандык “Ысмайыл ата” фонду «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.
Булак: “KyrgyzToday”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ