20-майда саат 02:40 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын борбордук “Лейлек” базарында өрт чыгып, анда базардын болжол менен жалпы 4960м2 аянты күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрттүн натыйжасында 53 соода дүкөнү, 2 жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн. 20-майда саат 10:05 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.
https://youtu.be/PX3bbpS6ToM
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен базардын аймагынан 2 соода борбору, 64 соода түйүнү, 10 дүкөн, 6 ашкана жана 1 “Мегаком” уюлдук операторуна караштуу офиси сактап калышкан.
Чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ