Menu

Парламенттин кайсы депутаттары бюджеттин эсебинен чет өлкөгө барганды жакшы көрүшөт?

Бөлүшүү:

Сентябрда саясий олимпте дагы бир чыр-чатак чыкты. Анын күнөөкөрү  Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова болду. Ал учактын ичинде чыгарган мас ызычуунун айынан кызматы менен ал өзү дагы, министри жана дагы  эки министрдин орун басары кызматтарынан кош айтышты. Бул тууралу 24.kg маалымат сайты жазып чыкты.

Парламенттин депутаттары өкмөттүн аткаминерлери  кайсы каражатка, кайсы өлкөгө, канча каражатка чардап жүргөнүн дыкаат изилдеп башташты.

Чиновниктер дагы жөн калбай парламентарийлерге өздөрүнүн коллегаларына да кызыгып көрүүнү сунушташты.

2017-жылы депутаттар жалпы жоонунан 54 чет элдик командировкага чыгышкан. Эң көп баруучу өлкө болуп, 2016-жылкыдай эле, Орусия саналат. Эл өкүлдөрү  Кытайды да жактырышты. Ошондой эле мыйзам чыгаруучулар Филиппинде жана Африкада (Кэйптаунда) болушту.

Өзүбүздүн каражатты экономдоп жатабыз

Мамлекеттин акчасынын эсебинен саякаттоо боюнча тизмеде биринчи орунду “Унпуруш”, мурунку спикер Чыныбай Турсунбеков ээлейт.

2017-жылы ал чет өлкөгө 12 жолу чыккан. Алардын учөө гана чакыруучу тараптын эсебинен каржыланган.

Экинчи орунда Максат Сабиров. Ал чет өлкөгө тогуз жолу чыккан. Алардын үчөө чакыруучу тараптын эсебинен. Калгандарын парламент каржылаган. Депутаттар тобунун курамында  Чехияга барган.  Чакырылган катары Сабиров Казакстандын Кордайына барган.  Ошондой эле ал Кытайга жана Орусияга барган.

Мирлан Бакиров чет өлкөгө сегиз жолу чыккан, алардын төртөө чакыруучу тараптын эсебинен. Аввстрияга болсо ал уюштуруучулардын эсебинен барган.

Дүйнө жүзүн кыдырганды “Ата Мекендин” депутаты Бахадыр Сулейманов дагы жактырат. 2016-жылы ал дагы чет мамлекеттерге чыккандардын лидери болгон.

2017-жылы Бахадыр Сулейманов чет элде Мирлан Бакиров сыяктуу эле сегиз жолу болгон, анын баарын парламент каржылаган.

Жогорку Кеңештин эсебинен чет жакка Сайдулла Нышанов дагы сегиз жолу чыккан, бирок Москва менен Вашингтонго баруу чыгымын өзү көтөргөн.

Өзүнүн каражатын коротуп, уюштуруучуларды кыйноону Раим-миллиондун агасы Искендер Матраимов дагы каалаган эмес. Ал алты жолу бюджеттин эсебинен чет өлкөгө чыгып, бир эле жолкусун, Стамбулга бараарда уюштуруучуларды түйшөлткөн.

Алыскы чет өлкөлүк жолдомолордо Каныбек Иманалиев алты жолу белгиленген. Жетинчи жолу эл өкүлү чакыруучу тараптын эсебинен чет элге, тагыраак Андорра княздыгына барган.

Беш жолу, жана бардыгы өлкө эсебинен чет жерге Руслан Казакбаев чыккан.

Парламенттин эсбинен төрт жолу чет өлкөгө чыккандар Садык Шер- Нияз, Данияр Төлөнөв, Эдил Токтошов, Алмазбек Токторов, Евгения Строкова, Асел Кодуранова, Динара Исаева жана мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдер барган.

Жөн гана жер көрүп

Экинчи жыл катары менен чет элдик жолдомолор боюнча биринчиликти Дастан Бекешев бербей келет. 12 ай ичинде ал сегиз өлкөгө барган. Бирок, бюджеттин эсебинен бир эле жолу барган. Армения, БАР, Таиланд, Македония, Польша, Түштүк Корея жана Орусияга эл өкүлү чакыруу боюнча барган.

Анын коллегасы Аида Касымалиева жолдомолор боюнча андан артта калбайт. Жыл ичинде чет өлкөдө 6 жолу болгон. бирок мамлекет эсебинен эмес. Депутат айым  Филиппин, Монголия, Орусияда болгон.

Дал ошол Аида Касымалиева Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чет элдик жолдомолорду казып чыгып, Лунара Мамытованы өлкөлөрдү кыдыруу үчүн эле командировканын атын колдонуп мамлекеттик каражаттарды чачып жүргөндүгүн айтып чыккан.

Чыр чатак ойлогондой эле, Мамытованын кызматтан кетүүсү менен аяктаган, ал  Касымалиеваны жалаа жабууга айыптаган.

Жылдыз Мусабекова дагы чет жерге көп чыгат. Ал бардыгы 2017-жылы жети жолу башка мамлекетте болуп, анын бирөө бюджеттин эсебинен каржыланган.

Эске салсак, ал “Алибинин” журналисти Үпөл Анаркулованы жалган маалымат тараткандыгы үчүн коркуткан.

Чет элдик командировкалардын санын Жанар Акаев кыскарткан. 2017-жылы ал төрт жолу чет мамлекетке барган, негизинен, Орусияга.

Чыкпагандар барбы? 

120 депутаттын ичинен чет жакка бир да жолу чыкпагандар бар.

Абдыбек Дүйшалиев, Тариел Жоробеков, Жаныбек Исаев, Сагындык Келдибаев, Насыр Мусаев, Улугбек Ормонов, Зарылбек Рысалиев, Кожобек Рыспаев, Азизбек Турсунбаев и Жыргалбек Турускуловдор бир да жолу чет элдик командировкаларга барышкан эмес.  Марлен Маматалиев, Гульнара-Клара Самат, (БШКнын экс-башчысы Клара Кабилова), алар мандаттарын 2018-жылдын жазында алышкан.

Баса, Улугбек Ормонов, Кожобек Рыспаев, Бактыбек Сыдыков жана Азизбек Турсунбаевдер чет элге чыгууну жактырбайт окшойт, алар 2016-жылы да эч жакка барышкан эмес.

Кыргызстандын депутаттары 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча чет элдик командировкаларга  бюджеттен пландалган 15,3 млн сомдун ордуна 18,1 млн сом коротушкан.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: