Menu

“Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекети жаңыланат

Бөлүшүү:

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекетин жаңылоо пландалууда. Ремонттон кийин бекеттин калкты тейлөө мүмкүнчүлүгү эки эсеге жогорулайт.

Учурда “Чалдовар” күнүнө 5 миң киши жана 300 автоунаа өткөрүүгө кудуреттүү. Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршекеевдин айтымында, модернизациядан кийин анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү эки эсеге жогорулайт. Бекетте кызматкерлердин санын көбөйтүү дагы каралууда.

Жаңылоо иштерин октябрга чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 13,9 миллион сомду түзөт.

Өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков көзөмөл-өткөрмө бекеттин кирүү-чыгуу жолдорун кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону тапшырып, жергиликтүү тургундардын жана чет өлкөлүк коноктордун чек ара кызматкерлерине карата арыздануусуна көңүл бурууга үндөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: