Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташты. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, эпидемиологиялык сызыктар бийик деңгээлге көтөрүлбөй, орто деңгээлге келген боюнча туруктуу мүнөздө баратат.
“Күнүнө алганда 20, 30 учурдан кошулуп, бир беткей кетип жаткан учуру. Бирок эпидемиологиялык көзөмөл катуу тартипте жүргүзүлүп, оорулуулардын саны көбөйүп кеткен жок. Биз ушул деңгээлде кармап, бара-бара оорулуулардын саны азайып кетет деген божомолдор бар. Ошо эле учурда, байланышта болгондордун бирин дагы калтырбай таап, медициналык көзөмөл катуу тартипте жүргүзүлүп, лабораториялык тастыктоолордон өткөрүп, үй карантининде да кармап, экинчи ирет дагы анализдерди алып, андан кийин жалпы популяцияга кошобуз” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстан жалпысынан 843 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 600 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 11 адам коронавирустан каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ