Menu

Көпчүлүктүн көөнүн айныткан арзан турак жай программасы

Бөлүшүү:

2015-жылдан бери кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерди арзан турак жай менен камсыз кылуу деген жакшы программасын ойлоп таап, үйү жок, бирок иши бар жарандарды үйлүу кылуунун аракетинде иш алып барууда. Бирок Өкмөттүн бул программасына канааттанбаган мамлекеттик кызматкерлер, өзгөчө айлыгы аз, иши оор, мугалимдер менен меди­цина кызматкерлери көп экенин жашырьш болбойт. Бул маселе боюнча биз мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине кайрылганыбызда, алардын көбү ипотекалык насыянын башында төлөнчү төлөмдүк каражатты табуу кыйын болуп жатканын, ортомчу ролду ойногон банктардын талаптарынан улам берилчү каражатка үй келбей турганын, алган айлыгы өтө аз болгондуктан, банктар насыя берүүдөн баш тартып жаткандарын айтып нааразы болушту. Бул маселени буга чейин ЖКнын депутаттары да бир эмес, бир нече жолу карап, айрым эл өкүлдөрү банктардын жана мамлекеттик ипотекалык компаниянын алып барып жаткан иш аракеттерине нааразы болушкан болчу. Мисалы, КСДП фракциясынын де­путаты Рыскелди Момбеков «Туракжай наркы өтө кымбат. Көп адамдар насыядан баш тартууда. Арзан эмес эле, кымбат турак жай болуп калды. Менин кошунам 2 млн. сом насыя алган, азыр айына 25 миң сом төлөйт. Силер бирди айтасыңар, банктар болсо башканы айтат, деги кимиңерге ишенебиз?” – деп ипотекалык компаниянын ишине нааразы болгон.

Ошондой эле эл өкүлү «Арзан турак жай 2015-2020» программасы аркылуу алына турган турак жайлардын баасын төмөндөтүү үчүн ипоте­калык банкты түзүү демилгесин көтөргөн. Ал «Ипотекалык банк насыя каражатынын кайтарымдуулугун арттырып, коммерциялык банктардын үлүшүн азайтаарын, Банк кардарлардын мүмкүнчүлүгүнө жараша катмарларга бөлүп, насыя каражатын 5 пайыздык үстөгү менен түз бериши керектигин белгилеген. Ал эми буга чейин маалым болгондой, мамлекет­тик ипотекалык компаниянын жетекчиси 3 миң доллардын тегерегинде айлык алаары, анын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулунун алган ай­лыгы 107 миң сом экени айтылган.

-Бегимай Керимова, Ж. Баласагын атындагы КУУнун мугалими:

-Башкы төлөмдү табыш кыйын болуп жатат. Андан сырткары көпчүлүктү ай сайын төлөнчү сумма кыйнап койчудай. Мугалимдердин алган айлыгы болгону 6 миң сом болсо, ипотекалык насыя алганда айына жок эле дегенде 13-14 миң сомдон кем эмес акча төгүп туруш керек болот экен, мен мисалы жолдошум экөөбүз тең мамлекеттик кызматта иштейбиз, алган айлыгыбыз экөөбүздүкү биригип 20 миң сомго жетпейт, биз кантип төлөйбүз, алган айлыгыбызды насыяга төлөп коюп эле отуруп калабызбы? Өкмөт насыянын суммасын бир аз жеңилдетсе жакшы болмок.

-Адилет Акматказиев, Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу:

-Өкмөттүн бул программасы жарыяланганда мугалимдер абдан кубанган элек. Көп өтпөй эле кубанычыбызды, сүйүнүчүбүздү таш капты. Жак­шы эле үйлүү болобуз го деген кубаныч менен документтеримди топтоп, тиешелүү комиссияга тапшыргам. Көп өтпөй эле “Документтериң кабыл алынды, комиссиядан өттүңүз, банкка келиңиз” деп чакырышканынан “Айыл Банкка” барсам, насыянын шарттары мен ойлогондой, мен күткөндөй эмес экен. Айлыгымды эсептеп туруп бөлө келгенде, айына 15 миң сомдон банкка насыя төлөп турушум керек болду. Ошентип айына 15 миңден 15 жыл төлөйт экенмин. Менин алган айлыгым болгону 8 миң сом болсо, 15 миң сомду кантип төлөмөк элем. Дароо эле үй алуудан, насыяга акча алуудан баш тарткам. Өкмөт бул иш аракетти баштоодон мурун мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлыгын эсептеп, ошого жараша иш алып барышса жакшы болмок экен.

-Расул Өкүмалиев, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин мугалими:

-Ипотекалык насыяга үй алуу деген жөн эле пиар иш болууда. “Мынакей, ушундай долбоорлор иштелип жатат, мамлекеттик кызматкерлер үйлүү болуп жатат” деген мактаныч үчүн жасалган аракет болууда десем жацылышпайт. Буга чейин бул маселени ЖКнын депутары Рыскелди Момбеков, дагы башка депутаттар айтып чыгышкан эле. Бирок ал айткан сөздөрдү Өкмөт, ипотекалык насыяларды берип жаткан компания кулак сыртынан кетирди окшойт. Маселени карап жатабыз, насыяанын үстөк көлөмүн азайтып жатабыз деп жатышат. Бирок кандай болгон күндө дагы 6 миң сом айлык алган мугалим же медицина кызматкери эч убакта 10 миң сомдук насыяны төлөй албайт. Бул жагын өкмөт жана аталган ком­пания терең ойлонуп иш кылышы шарт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: