Menu

“Манас жөнүндөгү” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 40 депутаты тарабынан демилгеленген

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Манас жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 40 депутаты тарабынан демилгеленген.

Демилгечи депутаттардын бири Саматбек Ибраев мыйзам долбоору тууралуу жыйында баяндама жасады.

Мыйзам долбоору аркылуу кыргыз элинин рухун жана мекенчилдик сезимин көтөрүү, тарыхый эстутумду, эне тилин, маданиятын, ишенимин, улуттук биримдигин жана эркиндигин сактоо, Манастын образы аркылуу мамлекетти бекемдөө үчүн  кыргыз элинин этностук бирдейлигинин (иденттүүлүгүн) калыптандыруу жана чыңдоо максатталган.

Ал эми мыйзамдын милдеттери:

– кыргыздардын руханий баалуулуктарын кайра жаратуу, чачыранды кыргыз урууларын  бир элге кураган, мамлекеттин аймактык биримдигин сактаган, Сөзүнө бекем турган, Ар-Намысын ыйык сактаган айкөл адам, мекенчил  катары, өзү жана өз элинин тагдыры үчүн тарыхый  жоопкерчиликти алган улуттук лидер катары  Манастын образын ар тараптуу ачып берүү, мунун натыйжасында элибиздин жүрүм-турумдук, руханий, экономикалык жана социалдык маданиятын өзгөртүү;

– Манаска байланышкан баалуулуктарды иликтөө, жайылтуу, сактоо, коргоо, кеңири таркатуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

– «Манас» эпосун жана анын бардык бөлүктөрүн  сактоо, өнүктүрүү, кеңири таркатуу, мамлекеттик коргоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Манас» эпосун жана анын баардык бөлүктөрүн сактоо, өнүктүрүү, кеңири таркатуу, коргоо боюнча чараларды жана атайын жоболорду аныктоо;

– «Манас» эпосун жана анын башка бөлүктөрүн  сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын  коом алдындагы укуктарын жана милдеттерин тартипке салуу;

– «Манас» эпосунун жана анын бардык бөлүктөрүнүн укуктук статусун бекемдөө;

– «Манас» эпосун жана анын бардык бөлүктөрүн кеңири насыяттоо үчүн  идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү чараларды көрүү.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: