Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору Лиам Максвелл менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) иш сапарынын алкагында Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору  Лиам Максвелл менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Amazon Web Servicesтин ишмердүүлүгү экономикада акыркы он жылда болгон глобалдуу өзгөрүүлөрдүн үлгүсү болуп эсептелерин белгиледи.

«Биздин өлкө санариптик технологияларды жана чечимдерди ишке киргизүү, пайдалануу жана экспорттоо чөйрөсүндө аймактык лидер болуу боюнча дымактуу максатын алдыга койду. Биз санариптик өнүгүү Кыргыз Республикасынын дараметин ачууга, жарандардын бакубат турмушта жашоосуна жана мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө негиз болоруна ишенебиз. Буга байланыштуу ийгиликтүү иштеп жаткан компаниялар менен өз ара мамиле түзүүгө кызыкдарбыз жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны өзөштүрүү максатында бир нече багыттар боюнча кызматташууну камсыз кылууга даярбыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал Кыргыз Республикасы электрондук коммерцияны өнүктүрүү тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

«Республиканын аймактарын өнүктүрүү, салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга байланыштуу бул багыт актуалдуу болуп саналат. Биздин максатыбыз – өлкөнү аймактык өнүктүрүү борбору, региондогу электрондук коммерция хабы катары таанытуу», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, республика санариптик инфраструктураны куруу жана киберкоопсуздукту камсыздоо тармагында кызматташтыкты колдойт.

«Өздүк ДАТА-борбордун курулушу үчүн пайдубалы түптөлдү. Биз республикада Amazon компаниясынын ДАТА-борборун жайгаштырууга кызыкдарбыз. Ошондой эле дагы бир артыкчылыктуу багытыбыз жасалма интеллектти өнүктүрүү жана көлөмдүү маалыматтар чөйрөсүндө кызматташуу болуп саналат. Биз стартаптарды колдоо жана IT-адистерин даярдоо, окутуу чөйрөсүндө өнөштөш болууга ачыкпыз», – деди Мухаммедкалый Аблыгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин жетекчиси өлкөдөгү маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушу жана тейлөөнүн артыкчылыктары тууралуу, Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору  Лиам Максвелл компаниянын кыргыз тарап менен компаниянын кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

Ал өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, адистерди окутуу долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдарлык билдирип, IT-долбоорлорду жүзөгө ашырууга жана өлкөнү санариптештирүүгө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: