Бүгүн, 14-майга карата Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 14, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 4, Нарын облусу – 15, Соль-Илецкиден келген жарандардын арасынан 2 учур катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1067ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 151 адам;
– Ош облусунда — 181 адам;
– Ош шаарында — 114 адам;
– Бишкек шаарында— 296 адам;
– Нарын облусунда — 152 адам;
– Чүй облусунда — 94 адам + 58 Соль-Илецкиден келген кыргызстандыктардын арасында катталган;
– Баткен облусунда — 24 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 12 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ