Menu

Трамп менен Эрдоган Түркияга С-400 ракеталык комплекстерин жеткирүү маселесин талкуулашты

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түркия президенти Режеп Эрдоган дүйшөмбүдө телефондо сүйлөшүп, Түркияга орус өндүрүшүнөн чыккан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин жеткирүү ыктымалдуулугун талкуулашты.

Анкара тараткан маалыматка караганда, Эрдоган Трампка С-400 комплекстерин жеткирүү маселелерине байланыштуу биргелешкен жумушчу тобун түзүүнү сунуштаган. Ак үй бул тууралуу үн каткан жок.

Буга чейин АКШ С-400 комплекстери НАТОго мүчө мамлекеттердин системаларына туура келбей турганын, Орусия альянстын биримдигин бузууга аракеттениши мүмкүндүгүн билдирип келген. Эрдоган Түркия өз чечиминен баш тартпай турганын жарыялаган. Ал жакында Москвада Владимир Путин менен жолуккан маалда дагы бул пикирин тастыктады. Түркияга комплекстин алгачкы партиясы июлда келери күтүлүүдө.

Анкара Москвадан С-400 комплексин 2,5 миллиард долларга сатып алууну көздөп жатканын буга чейин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: