Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-жетекчиси: «Атамбаев үчүн кыйын кырдаал келе турган болсо, бирөө кыйкырып чыга турганына көзүм жетпейт, Сапар Исаков тирөөч болуп бере албайт»

Бөлүшүү:

— Кеңешбек Асанбекович, өлкөдөгү азыркы саясий абал, башкаруу системасындагы болуп жаткан окуялар күндөн-күнгө өзгөрүп баратат. Алмазбек Атамбаев башкаруучу бийликтен кетсе да, тизгинди азыркы президентке бергиси келбей, кош бийлик орноткусу келип жатканы ачык эле байкалып калды. Ал киши өлкөдө баштагыдай таасиринен ажырап, “кара күн” башка түшүп калуудан чоочуп жатабы?

— Президенттик шайлоо өткөндөн кийин мыйзамдын чегинде, тынч, ызы-чуусу жок шайлоо болуп, бир президент жаңы шайланган президентке бийликти өткөрүп берип кетти деп баарыбыз эле кубанбадыкпы. Бирок, алгач “Мен саясаттан кетем, премьер-министр, спикер да болбойм, партия менен да алектенбейм” деген адам айткан сөзүнөн, убадасынан кайтып, “Өзүм менен үзөңгүлөш болгон саясатчылардын баарын жоготом, өзүм кайра саясатка кайтып келип, партияны башкарам, партия аркылуу баардык бийлик бутактарын көзөмөлгө алып, каалагандай иштетем” дегенин аткарууга аракет кылып жатпайбы. Азыр өлкөдө кош бийлик болуп жатканын эч ким тана албайт. Анткени, парламенттеги көп депутаттар, өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү, ири ишкерлер мурунку президентке барып, ага отчёт берип, иштерин чогуу талкуулашып, чогуу пландаштырып жатканы белгилүү да. Мындай нерсе жаңы президенттин толук кандуу ишке киришине чоң тоскоол болот. Биз сабырдуу, токтоо, ишти өз орду менен аткарган президент Сооронбай Жээнбековго туш келиптирбиз. Ал дагы ызы-чуу чыгарып, кызыл чеке болуп талашпай, сабырдуулук менен туура чечимдерди жасап жатат. Башкаруудагы чыныгы абал КСДПнын съезди өткөндөн кийин ачык эле оркоюп билинип калбадыбы. Ага чейин мурунку менен азыркы президент ортосундагы көйгөй жараткан маселелерди талкуулап, чечкенге аракет кылышты окшойт. Бирок, анысынан майнап чыккан жок. Менин түшүнүгүмдө бийликтен кеткен адам “Мен айткандай болот! Мен чийген карта менен басасыңар, мен көрсөткөн жакка барасыңар! Мурунку команда кандай иштесе ошондой иштей берет! Эч кандай кардиналдуу өзгөрүүлөр болбойт!” деген ойду таңуулагандай сезилди. Аны жаңы президент кабыл албай койгонун ачык эле айтышпадыбы. Себеби, ал кишинин элге берген убадалары, Кудайдын, элдин алдында эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм, өлкөнү туңгуюктан алып чыкканга болгон аракетимди жумшайм деп берген анты бар. Экөөсүнүн позициялары бири-бирине дал келбей, карама-каршылык келип чыкканы ачык эле көрүндү. Азыркы кош бийлик көп алыска барбайт. Кеткен бийликтин аброю канчалык экенин акыркы окуялар так көрсөттү. Жакынкы аралыкта кош бийлик бүтөт. Бийликтин эки тизгин бир чылбыры Сооронбай Жээнбековдун колуна тийет деп ойлойм.

— Атамбаев ошол тизгинди жеңил-желпи өткөрүп берип коёт деп ойлойсузбу?

— Акыркы 7 жылда жалгыз өзү башкарып, каалаганын кылып калганга абдан көнүп калган киши дале бийликтин кумарынан чыга элек деп айтса болот. Экинчи жагы, 6–7 жылдын ичиндеги көп былыктар ачыкка чыгып калышы мүмкүн. Ошол былыктарды чыгарбоого аракет кылып, кош бийликти сактап, өзүнүн позицияларын таңуулаганга жан үрөй турганы турган иш. Элибиз, коомчулук баарын көрүп турат, акыркы болгон иштердин баарынан тыянак чыгарды. Мурунку адам кааласа да, каалабаса да бийлик жаңы президентке өтөт. Атамбаевдин элди алып чыгам, ызы-чуу кылам дегени болбогон кеп. Ал колунан келбейт деп ойлойм. КСДПнын өткөргөн акыркы съезди буга толук кандуу далил.

— Сиз Мамлекеттик коопсуздук комитетин башкардыңыз, кыйын учурда Атамбаевдин жанында жүрдүңүз. Сиздин ордуңузга профессинал эмес адамды жетекчи кылып алып келип койгону, Атамбаевдин сизге ишенбөөчүлүгүбү же системаны түшүнбөгөн жетекчини каалагандай башкара берем деген максаты болгонбу?

— Өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон жетекчи өзү ишенген, айтканын унчукпай аткарган, каалагандай жыйынтыкты жасап бере турган кадрды тандайт. Мамлекеттик башкаруу жөнүндө түшүнүгү бар, илимдүү, тажрыйбалуу жетекчи ишти билген, кесипкөй, ошол тармакты мыкты түшүнгөн кадрды дайындап, туура иш кылганга аракет кылат. 5–6 жылдын аралыгында айрыкча укук коргоо, күч түзүмдөрүндөгү, сот, прокуратура системаларында кадрдык өзгөрүүлөрдүн баарын карап туруп, жетекчилердин тандалуу принциби кесипкөйлүүлүгү эмес, жеке өзү ишенген, айтканынан чыкпаган, кызыкчылыгын коргогон адамдарды тандады деп айтсак болот. Күч түзүмдөрүнүн айрымдарында такыр эле тажрыйбасы жок, кээ бирлеринде анча-мынча иштеп кетип калган адамдарды эң жогорку жетекчиликке чейин көтөрдү.

— КСДПнын съездинде Атамбаев президент Жээнбеков менен тирешүүгө бара турганын ачык эле көрсөтүп койду. Жаңы бийлик менен тирешүүдө Атамбаевдин жанында жүргөн “бокмурундарынан” башка тирөөч болуп берчү салмактуу саясатчылары барбы?

— 2010-жылы апрель революциясы болуп, бийлик алмашканда, бийликке мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы бар, мамлекет, улут үчүн күйгөн кесипкөй адамдар келген. Алар өткөөл мезгилди башынан өткөзүп, бийликти мыйзамдуу шайланган бийликке өткөзүп берди. Эң акыркысы болуп Атамбаев президент болуп шайланды. Ал президент болуп келгенден бир аз мезгилден кийин үзөңгүлөштөрүнүн баары алыстап кетти. Алар өзүнүн идеялары, принциби, көз карашы бар, аларды айтып, коргой билген адамдар болчу. Ошол адамдар өзүм билемдик башкарууга жол бербейт эле. Ошондуктан алар четтетилип, Атамбаевдин айтканын аткаргандар жетекчилик чоң кызматка чейин көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө Атамбаев өзү менен чогуу бийликке келген адамдарды, өзү менен жакшы пикирлеш, санаалаштарынын баарын душман кылды, камады, соттоду, четке кубалады. Алардын ордуна кимдер келгенин көрүп жатабыз. Азыр ал ишенген адамдардын арасында белдүү, принциби бар, элдин алдына чыгып сүйлөй турган абройлуу адамдар жокко эсе. Эгер Атамбаев үчүн кырчалыша турган кырдаал келе турган болсо, ал үчүн бирөө кыйкырып чыга турганына көзүм жетпейт.

— Атамбаев бат эле сынабы?

— Ал өзү сынбаганга аракет кылат. Бирок, убакыт тез арада эле анын жүзүн ачат деп ойлойм. 2013-жылдан тартып өзү менен келген адамдарды кара көө менен шыбап, аябай жамандап, элге мокочо кылып көрсөткөнгө аракет кылды. Анын эң чоң апофеозу 2016-жылдын 31-августунда сүйлөгөн сөзү болду. Ошондо өзүн бийликке алып келип, жакшынакай кылып олтургузган Роза Отунбаеваны эмне деп айтканын өзүңөр жакшы билесиңер. Убактылуу өкмөттүн дээрлик көпчүлүк мүчөлөрүн эл душманы, эл бузар, сасыткы, мародёр, ууру деп далили жок сөздөр менен жамандады. Журналисттер менен да душмандашпадыбы. Чындыкты айткан журналисттерди соттоду. Анын ою боюнча бир жактуу гана саясат жүрүп, бир жактуу гана маалымат чыгып, ага барбагандар соттолуп, үй мүлкүнөн ажыратылышы керек экен да.

— КСДПнын съездине Атамбаев бүгүнкү күндөгү президенттей болуп келди. Азыркы президентти кайтарууга алган, коопсуздук жагын караган УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы Дамир Мусакеев Атамбаевдин жанында жүргөнүн профессионал катары кандай баалайсыз?

— Атамбаевдин экс-президент деген статусу бар. Ага мыйзам боюнча мамлекет тарабынан кайтаруу, дача, эки жакка чыга турган болсо кандайдыр бир деңгээлде транспорттук каражат маселелери чечилиши керек. Мен билгенден бүгүнкү күндө Атамбаевди президент болуп жүргөн кезде канча Күзөт кызматынын адамдары кайтарса, андан кем эмес күзөт кызматкерлери кайтарып жүрөт. Анын жашаган үйлөрүнүн баары мамлекеттин эсебинен ондогон кызматкерлер тарабынан кайтарылып атат. Чет мамлекетке чыга турган болсо мурун президент кандай деңгээлде узатылып, кандай деңгээлде тосуп алынса, бүгүнкү күндө да ошондой болуп жатат. Экс-президент деген статусу бар адамдар бирдей деңгээлде мамлекет тарабынан камсыз болуп, бирдей мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланышы керек. Отунбаева дагы экс-президент деген статуска ээ. Ал деле мамлекеттик резиденцияда жашап, эки жакка чыкканда бир же эки бала кайтарып жүрөт. Чет жакка өзүнүн эсебинен учуп жатканын так билем. Отунбаеванын камсыздоо мүмкүнчүлүгү кандай болсо, Атамбаевдин деле мүмкүнчүлүгү так ошондой болуш керек. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси мурунку президентти кайтарып, жанында жүргөнү туура эмес. Ал жаңы президент келгенден кийин автоматтык түрдө ага баш ийип, кызмат, милдеттерин аткарууга тийиш. Бул эми жетекчилик тепкичтерди өткөн эмес, жеке өзүнө берилген, анын айткандарынын баарын аткарып жанында жүргөн бала экенин дагы бир жолу тастыктап койду.

— Мурунку президент мамлекеттик резиденцияга өзүнө жаңы үй салып алганы коомчулуктун нааразы пикирин жаратты. Досторумдун акчасына үй салдым деп бийликтен кеткен президенттердин баары эле үй сала бергени мыйзамдуубу?

— Бул маселе боюнча мен да терс көз караштамын. Резиденция мамлекеттик стратегиялык оъект. Ал жерде мамлекеттин эсебинде турган гана үйлөр, оокаттар бар. Ага башка бирөөлөр жер алып, үй салганы туура эмес. Атамбаевге үй салганы ким акча берди? Кандай максатта берип жатат? Акча берген адам менен кандай байланышың бар? Азыр бирөө жөнү жок акча бербейт. Демек, алардын кандайдыр бир ишин бүтүрүп бергенсиң, ошол үчүн алар сага акча берип жатат деп тыянак чыгарса болобу? Мамлекеттин жерине эмне үчүн бирөөлөрдүн акчасын алып үй салышың керек?! Жаңы салган үй мыйзамдуубу? Ага Өкмөттүн экс-президент үй салууга жер берилсин деген атайын токтому чыкканбы? Мыйзамда сен мамлекеттин эсебинен камсыз болосуң, мамлекеттин үйүндө жашайсың деп каралган. Эртең акча берген “досу” “Акчамды кайтар” десе, же болбосо “Акчаны кайтара албасаң үйдүн жарымы меники” десе эмне деген акыбалда калабыз? Мамлекетти башкарган адам чаң жукпаган таза болушу керек да. Мен дагы кызматта турганда мамлекеттик дачада жашап калдым. Ал жерде жакшынакай жашаганга толук шарттар жетиштүү. Кээ бирлер ал жердеги үйлөрдүн баары эски, жараганга болбой калыптыр деген түшүнүктү берип жатышат. Андай эмес, ал жердеги үйлөрдүн баары ремонттолгон. Андан тышкары мамлекет башчылары үчүн салынган конок үйлөр бар. Эски үйдө жашай албаса, ошол үйлөрдүн бирөөсүндө жашаганга неге болбосун?

— Экс-ажо, КСДПнын лидери съездинде Сапар Исаковду аябай эле мактады. Ал Өкмөт башчыны кызматтан кетирбей кармап калыш үчүн аракетин көрүп жатабы? Сапар да кыйын кезде Атамбаевге тирөөч болуп жанында туруп бергенге духу жетеби? Ошол эле учурда ал киши Жээнбеков менен Исаковду кагылышууга түртүп жаткан жокпу?

— Сапар Исаковдун мурунку президент үчүн кыйын күн келсе тирөөч болуп турарына көзүм жетпейт. КСДПнын съезди бүгүнкү күндө анын чамасы кандай экенин ачык көрсөттү. Атамбаев КСДПнын башына келүүгө аргасыз болду го деп ойлоп жатам. 7 жылдан бери КСДП эмне кылганын эл жакшы билет. Албетте, жакшы иштер бар. Бирок, анын тегерегинде толгон-токой чуулгандуу иштер да бар. Мисалы, Батукаев кандай болуп өлкөдөн чыгып кетти? Ал үчүн ким жоопко тартылды? “Лиглассты” ким алып келди? Дача-СУга кулаган учактагы жүк кимдики? Экс-президент меники эмес деп айтты. Болуптур, сеники эмес экен. Бирок, кандуу жүктүн ээсин айт да, кайсыл шылуундуку? Кырктай адамдын өмүрүн алган жүктүн ээси эмне үчүн жооп бербейт? Жолдор боюнча, бажынын иши, салык кызматы жөнүндө канча сөз болууда. Акыркысы болуп Бишкек ТЭЦи чыкпадыбы. Ушунун баары тигил адамдын тынчын алып жатса керек деп ойлойм.

— Бишкек ТЭЦке күнөөлүү деп Жээнбековду айтып, жоопкерчиликти ошол жакка буруп жатпайбы?

— Мен Жээнбековдун бул кишиге окшоп эмоцияга алдырып, чычалап, кызыл кандуулукка алдырып кыйкырып тура калбай, сабырдуулук менен баарын мыйзам чегинде ордуна койсун дегенине баа бердим. Бир жуманын ичинде эле баары ордуна келет деп ойлойм.

Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы да 10-апрелге чейин парламентте каралышы керек. ТЭЦке байланышкан иш 2013-жылы эле бүткөн. Ошол кезде бир дагы маанилүү маселелер саясатта, экономикада, эл аралык байланышта болбосун президентсиз чечилчү эмес. Мунун баары жакын арада өз ордуна коюларына менин эч кандай шегим жок.

— Дача-СУга кулаган учактагы жүккө, Бишкек ТЭЦине кеткен акчага Атамбаев аралашып калган болсо абал кандай болот?

— Көп эле былыктары чыгаарына менин эч кандай шегим жок, Атамбаев албетте көрбөптүрмүн, укпаптырмын деп сөзсүз айтат. Бул турган иш дечи. Бирок, ошол эле мезгилде 2010-жылдан бери бийликти кайсыл партия жүргүзүп жатат? Бир эле партиянын үстөмдүгү жүрүп жатканын ким мойнуна албайт? Эгер сен жооп бербесең, анда ошол партия жооп берсин деш керек. Партия жооп берсе анын артында ким турганы, кимге барып такалары түшүнүктүү эле болсо керек.

— Атамбаев жооп берип калса, Текебаев менен анын азыркы абалы алмашып калышы мүмкүнбү?

— Толук кандуу. Эгерде баары мыйзамдын чегинде, акыйкат, чындыктын негизинде болсо толук мүмкүн.

 Текебаевди тездик менен камаганга шашылышты. Калган былыктар чыгып кетпесин деп коркуштубу?

— Андай да болушу мүмкүн. Бүгүн парламентке Өмүрбек Текебаев менен Канат Исаев жетпей жатат деп айткандар көп. Экөөсү тең болгон быкый нерселерди алып чыгып, жооп бергиле деп айтып жатышкан. Аларды саясий аренадан жок кылуунун максаты президенттик шайлоо болчу. Өзүнүн адамын алып келүүгө жасалган кадам эле. Бирок, Жээнбеков чындык тарапка тараза ташын койду.

— Канат Исаевди камоо өч алуу эле болуп калды окшойт го?

— Ал элемент да бар. 2010-жылдан кийин улутташтырылган көп объектилер бар эмес беле. Айтылгандардан тышкары билинбей калган ондогон объектилер бар. Ошолор боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын башында Канат Исаев турган. Мурун билинбей калган, кийинчерээк мурунку президенттин тегерегинде жүргөн адамдар акырындык менен бөлүп алгандыгы жөнүндө маалыматтар чыга баштаган. Ошол маалыматтарды Канат тактап, иликтөөгө ала баштаган эле. Аны тез арада саясат айдыңынан сүрүп чыгаруу менен коркунучтуу жагдайлардын баарын жоготуу зарыл болду. Эгерде баары акыйкаттын негизинде болуп, Жээнбеков чынында эле коррупция менен күрөшүп, чындыкка басым жасай турган болсо, Текебаев, Исаев, жана башка саясий негиз менен абакта жаткандардын баары чыгып, алардын ордуна мурунку ажо өзү, командасы барып калышы мүмкүн.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: