Бүгүн, 26-июнда Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөн Чотоновдун соттук отуруму улантылды.
Судья Айбек Эрнис уулу Текебаевдин актоочулары келбей калгандыгына байланыштуу депутатка нөөмөттө турган жактоочу Элмира Чоноеваны адвокат кылуу чечимин чыгарды.
Ө.Текебаев өзү болсо, ал адвокаттан баш тартаарын айтып, өзү төртүнчү адвокат таап аларын билдирди. Сот болсо бул анын укугу экенин эскертип, андан башка үч адвокатты эч ким, эч жака кетирбей эле турганын айтты.
Кечээ, 25-июлда Текебаевдин эки адвокаты сотко ден соолуктарына байланыштуу процесске катыша албай турушкандарын айтып кайрылышкан. Бүгүн, 26-июлда болсо адвокат Хасанов дагы ооруп калганы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ