Menu

“Вефанын” шылтоосу менен эки элди кагылыштыруу аракетиби?

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында “Түркияга көз каранды эл белек? Вефаны талашып, “Асылбек Жээнбековду сатып алган” адам ким?” деген аталышта макала жарык көрүп, ал коомчулук, окурмандар арасында чоң резонанс жаратты. Чындыгында бул материалдарды жарыялап жатып, биз аны мынчалык талкууга түшөөрүн ойлогон да эмеспиз. Анткени, анда болгону чарбалык гана маселе, башкача айтканда, “Вефаны” талашып жаткан тараптардын ортосундагы жаңжал тууралуу гана маселе көтөргөнбүз…

Макалынын темасы өзү айтып тургандай, соода борборун талашып жаткан тараптардын биринин барган жеринде эле өйдө жактагы таасирдүү адамдардын атын атап, ошонун негизинде өзүнө ыңгайлуу соттун чечимин чыгарууга жандалбастап жатканы, буга окшогон тирукмуштуудай жалганчылардан сак болуу керектигин айтууга аракет жасаганбыз. Бирок, уктаса да, турса да элдин тынчтыгын кантип бузууну ойлоп жүргөн карасанатай адамдар, топтор, күчтөр жазылгандын баарын теңирден тескери жакка буруп, катардагы чарбалык чатактан эл аралык деңгээлдеги уруш жүрүп жаткан сыңары ага боёк берип жибергени эсибизди эки оодарды. Андан да, материалдын өзүндө анын дарегине бир да жаман сөз жазылбаса да, болгону талашкан тараптын бирөөсүнүн “сатып алгам” деп мактанганы айтылган – ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун тийешеси болбосо да – сүрөтүн чаптап алып, жазылгандын баарынын маанисин бузуу менен элге алып чыгып алышканына күйбөгөн жерибиз күл болду. Окурман журту жакшы билет – Асылбек Жээнбеков жөнүндө эл ичинде абдан көп сөз жүрүшү мүмкүн, антип жаманатты кылуу менен эски режимге тилектеш журтбузарлар “кайрадан үй-бүлөлүк режим орноп жатат” – деп жалгандын тузун элге жедиргиси келип, андан майнап чыкпай, куурап жатышканы кашкайган чындык. Себеп дегенде, канча издешпесин, эмне дешпесин, президенттин инисинин эч бир жаман ишин таба алышпайт. Анткени, Асылбек Жээнбеков өзү ошондой тарбия көргөн, ал арам иштерге эч качан аралашкан эмес, аралашпайт дагы. Анын үстүнө агасы, президентибиз Сооронбай Шарипович кыргыз элине тарыхта кала тургандай чоң иштерди жасап жатканда, аралашып, артка тартчу сугалактык же бийликке умтулган кемчонтойлук касиеттер бул кишиде таптакыр кездешкен эмес. Мына ошондуктан да, биздин материалдын маанисин бузуп, каалагандай колдонууга аракет кылып жатышты. А биз тескерисинче, Асылбек Жээнбеков болгону депутаттык ишин гана аткарып жатканын, ал эч нерсеге аралашпастыгын, анан да бийлик адамдары эч качан бирөөнү калкалап-колдобостугун, соттобу, башка жердеби, мыйзам үстөмдүгү орной баштаганын, демек, алардын атын сатып жүргөндөр – катардагы аферист экендигин айткыбыз келген. Тастыктап мына азыр да айтып олтурган чагыбыз.

Жарыяланган материал негизинен “Аруу Жылдыз” ишканасынын директору Умсун Назарбекованын журналистгер үчүн курган басма сөз жыйынында айтып бергендерине негизделип даярдалган. “Вефа” соода борборунун 50 пайызын 8 миллион долларга сатып алгам. Аны Түркиянын өкмөтү тартып алгыдай, бул борбордун Фетхуллах Гүленге кымындай да тиешеси жок”- деп айтканына анда назар салган эмес экенбиз. Көрсө, “Вефаны” талашып жаткан тараптар Гүлен-Эрдоган чатагын чатакка жабыштырып жатышыптыр. “Мына, кыргыз бийлиги бул тарапты колдоп жатат”…- дешип, кыргыз-түрк мамилесине жарака түшүрүүгө нагыз аракет жасалып жатканын гезит чыккандан кийинки резонанстан улам сездик. Умсун айымдын Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыратка эмнеге асылып, андан соода борборун талашып жаткан түрк жаранынын “сотторду сатып алып койгом, президентти да колго алгам. Президентке да түз доступ бар. Силер эмес, мен ойлогондой чечим чыгат”- деп мактанып сүйлөп жүргөнүн ушак катарында таркатып атканынын максаты эми ачык боло баштабадыбы. Көрсө, анын максаты – ушундай фокустар менен өз кызыкчылыгын канаттандыруу экен. Биз да күмөн санагандай болуп калдык, бул айымда кайдан 8 миллион доллары бар (?) деп. Андай сөздөрдү тигил каршылаштары айтпаса да керек. Балким, ал атайылап жалган сөз таратып жаткандыр? Умсун айымдын артында Гүлен турса керек, анча акча андай кайдан, ия?

Айтор, биздин айтаарыбыз, бөйрөктөн шыйрак чыгарганды токтоткула! Кыргыз-түрк элдеринин биримдигине шек келтирип, ушул биздин коомду да гүленчибашкачыларга бөлүп бүтө турган болуп калдыңар! Окурманга айтарыбыз, андабай, билбей, булардын чатагына толук түшүнбөй, туура эмес жеринен кирип кеткенибиз үчүн кечирим сурайбыз!

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: