Menu

Москвада экстремисттик уюмду түзүүгө шектелип 6 кыргызстандык кармалды

Бөлүшүү:

Москвада экстремисттик уюмду түзүүгө шектелип Кыргызстандын алты жараны кармалды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын алты жараны –  А.Мамажунусов, М.Кушуев, А.Халматов, А.Калбаев жана А.Козонов Москвадагы Мещан сотунун чечими менен 17-мартка чейин камакка алынды.

Алар Москвадагы ИИМдин жана Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. ФККнын тараткан маалыматы боюнча кармалгандар “Таблиги Джамааттын” өкүлдөрү болуп саналат. Алар жашаган жерден тыюу салынган китептер табылган.

Белгилей кетсек, «Таблиги Джамаат» уюмуна  Кыргызстанда  тыюу салынган эмес.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 97 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: