Menu

Артыкбаев Осмонбектин артында шектүү иштери болгон эмес. Анын коррупцияга аралашканына эч ким ишенбейт деп айтууга негиз бар

Бөлүшүү:

Кайсыл депутаттын, же министрдин элдин күмөндүгүн жараткан калпыс иштери бар экендигин байкоо анчалык оорчулук жаратпайт. Маселен, кезинде энергетика министри болгон, андан кийин депутаттык мандатын алган Осмонбек Артыкбаевдин кылмыш иштерине аралашканына көпчүлүк ишенбөө менен саресеп салып турат. Эгерде анын кыңыр иштери ачыкталганда эч ким оң пикирин коомчулукка чыгармак эмес. Демек, капыстан күнөөгө батып жатканы акыры адилеттүүлүк менен иликтенип чыгарында шек жок. Ак ийилгени менен сынбайт деген накыл кепке ынанууга туура келет. Осмонбекти эркиндикке чыгаруудан бийлик жаңылыштык кетирбейт деп ишеничтүү түрдө айтсак болот.

Акбаралы Кабаев,  Кыргыз республикасынын эл баатыры: «Осмонбектин эмгегин Таш-Көмүрлүктөр унутпайт»

– Мен Осмонбек Артыкбаевди жаш кезинен билем. Анткени ал Күрп-Сай ГЭСинде иштеп жүргөндө баарлашып калчубуз. Ал тургай келечектеги пландары тууралуу айтып, ошондо эле кыргызстан үчүн тикесинен тик туруп берүүгө даяр эле. Андан кийин элдин ишенимине кирип, энергетика министри, Жогорку Кеңешке депутат болду. Таш-Көмүр шаарынын тургундарына көп жардамын тийгизди. Таза суу чыгарып берип, мектептердин курулушуна, капиталдык жактан ремонттолушуна, медиктердин сергек иштешине шарттарды түзүүгө үлүшүн кошконун айтууга акылуубуз. Жакыр жашагандарга, майыптарга кол сунуп, акчалай жардамдарын көрсөткөн. Кыскасын айтканда анын бизге кылган кызматы эсибизден чыкпайт.

Тилекке каршы элдин керегине жараган депутатты капыстан эле камап салышы шаарда жашаган карыяларды, мугалимдерди, врачтарды, жаштарды түйшөлттү. Ошондуктан эл баатыры катары бүткүл Таш-Көмүрлүктөрдүн атынан бийликтин башчыларына кайрылууга туура келди. Өсө турган уулубузду болбогон жерден өзөртө тебүүгө жол бербейбиз. Анын ак экендигине толук түрдө ишенебиз. Жөн жерден камакта кармап, ден-соолугуна залал келтирбей боштондукка чыгаруу кажет. Осмонбек коррупционер болгондо бир да адам коргоого жан үрөмөк эмес. Ошондуктан убакытты создуктурбай Артыкбаевди эркиндикке чыгарыш учур талабы.

Шаймерден Керимбаев, Кыргыз республикасынын ардактуу аксакалы: «Адилеттүүлүктү биз ажодон күтөбүз»

– Биз ак сакалын жайкалтып, калыс кебин эшилте сүйлөгөн, адал менен арамды айырмалап билүүгө үндөгөн, кепти чынынан бузбоого тарбиялаган карыялардын батасын алып жетилдик. Баштан нелер өтпөдү дейсиң, турмуштун ачуусуна чыдап, ширинине манчыркап кетпедик. Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов сыяктуу кеменгерлер менен үзөңгүлөш болуп, бүткүл аң-сезимдүү өмүрүбүздү өлкөбүздүн туруктуулугуна, өнүгүүсүнө чегердик. Мен учурда 90 жаштын ырыскысына ортоктош болууга камынган кезегим. Жашоодо өйдө-ылдыйды, ак менен караны баштан кечирип карылыктын кереметин байкоого алган кезим.

Албетте, мекендин керегине жараган жигиттер өсүп чыгып, элине колдоосун көрсөтүп, карыялардын алкоосуна алынса жетине албай кетериң турган иш. Ошондой жигиттердин ичинен Осмонбек Артыкбаев өзүнчө бөлүнүп байкалганын деле айтып кетсем ашыкча болбойт. Анткени кандай үлкөн иш-чара болбосун чордонунда Осмонбек күйүгүп чуркап жүргөнүн далай ирет көргөнбүз. Айрыкча аксакалдарды, байбичелерди өзүнчө өнтөлөп кам көргөнү бизге жакчу. Ошондон улам атанын тарбиясын алган, тектүү жердин баласы болгонуна сүйүнчүбүз. Ал маңдай тери аркылуу бизнесин өркүндөтүп, жетиштүү турмушун куруп алды. Министр болгонго чейин эле жашоосун оңдоп алганы бар. Муну элдин баары эле алаканга салгандай көрүп турган. Өнөрлүү адамдарга, акындарга, ырчыларга колдон келген көмөгүн көргөзгөнүн жакындан билем. Кантип таза суу чыгарып бергенин, спорт залын курганын, мектептерге каражат бөлгөнүн узарта берүүнүн кажети жок. Эмнеси болсо да Артыкбаев коомдук иштерден четте калган эмес.

Тилекке каршы саман-топонго аралаштырып Осмонбекти болбогон жерден камакка алуунун өзү осолдук дегенге барабар. Учурда аны жакындан тааныгандар, алака кылып жүргөндөр таң калганын жашыра албай жаткан кези. Эч кандай коррупцияга аралашпаганы айкын көрүнүп турса да темир тор артына камалышы жаман жорукка тең келет. Карапайым элине түркүк болуп берген депутатты каралоону токтотуш кажет. Буга өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун да маани бериши жүйөөлүү. Себеби, мыкты уулдардын тагдырына балта чаптырууга жол бербеши зарыл. Ошол үчүн мен көптү көргөн аксакал катары кайрылмакмын. — ​Урматтуу журт башчы өзүңүз түздөн-түз катышып, Осмонбек балабызды камактан бошотуп бериңиз. Эгерде адилеттүү позицияңызды айгинелей алсаңыз калк ичинде зоболоңуз көтөрүлөт, сизге элдин ишеними ойгонот. Эркиндиктин баасы ченелбейт, демек элдин керегине жараган уулубузга боштондук берүүнүн сааты келди.

Болот Иманалиев, КР өнөр жайынын эмгек сиңирген ишмери: «Айыбын таппай туруп камакка алуунун өзү осолдук болду»

– Мен турмушта жокчулукту, ачарчылыкты, согушту башыман кечирген адаммын. Биздин кырчындай жаштыгыбыз кыргыз өлкөсүн жетиштүү мамлекеттердин катарына кошууга, элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого арналды. Кырк жылдан ашуун өмүрүмдү энергетика тармагына жумшагандыктан мунун аки-чүкүсүн жакындан билем. Кетмен-Төбөлүктөр ири ГЭС тердин курулушу үчүн киндик каны тамган жайлуу жеринен ажырап, жаңы конушка көчүрүлгөн. Не деген тозоктуу күндөрдү, көчүп-конуунун оорчулуктарын жон териси аркылуу сезген тоолуктардын ошондогу азаптарына өзүм күбө болгом. Кезинде Токтогул каскадына жетекчилик кызматка келип жаштарды тарбиялап, такшалтууга үлүшүмдү кошком деп айтууга негиз бар.

Ал эми Осмонбек Артыкбаевге келсек кеп мындай. Бул жигит жаштайынан мээнетке көндү, маңдай тери аркылуу турмушун жакшыртты. Бирөөнүн байлыгына кол салбады, мамлекеттин казынасына сугун артпады. Баарын өзүнүн жигердүү аракети менен талыкпаган эмгегинин натыйжасында жайгарып алганын элдин басымдуу бөлүгү билет. Мекенчилдик сапатынан улам кандай иш-чара болбосун, мааракелер өткөрүлбөсүн туу башында туруп бергендиги, өзүнүн эсебинен каражатты аябагандыгы, элпек мамилеси аркылуу элдин жүрөгүнөн түнөк тапты.

Кыйладан бери бейкүнөө камакта жаткан депутатыбыздын тагдырына кайдыгер болбогон миңдеген адамдар өзүлөрүнүн жылуу кептерин, колдоосун көрсөткөнү жөн жерден эмес десек болот. Эгерде ал керт башынын кызыкчылыгын жогору койуп коррупцияга малынса, туура эмес жосундарга барган болсо ага эч ким жан тартпайт болчу. Жаман ойу болбогондуктан, шаардыктарды кышында үшүп калбасын деген ниетте министрликти жетектөөгө макул болгон. Кыпындай эле күнөөсү болсо эмдигиче тергөөчүлөр ачыктамак. Ошондуктан мамлекетке ак кызмат кылган Осмонбекти эркиндикке чыгаруунун мезгили келди деп көптү көргөн аксакал катары журтчулукка айтып коюну, бийликке кайрылууну ылайык көрдүм.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: