Кийинки жумалар менен Өкмөт менен парламент экөө биригип, “Кумтөр” кенин иштетүүнү реструктизациялоо боюнча маселени караганы турушат. Азырынча, парламенттин депутаттары канадалык компания менен ары же бери болобуз деп демдүү турушат. Бирок, маселе каралып баштаганда эле “өңдү көрсө көрсө жүз тайды” мамилелер орун алып, депутаттардын көбүооз ачпай, кээ бири тескерисинче “ушуга деле тобо кылалы” деп чыга келишчү эле. Баарынан кызыгы, буга чейин өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөргө” даап тиш сала албай койгон азыркы оппозициялык фракция лидери Өмүрбек Бабановдун позициясы кандай болот, ошол кызык. “Бирболчулар” го, аздыр-көптүр өздөрү да “Кумтөр” менен эски тааныш…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ