Menu

БТА Банктын мурдагы менеджери Мамай менен Аблязов аркылуу таанышканын айтты

Бөлүшүү:

Казакстанда белгилүү журналист жана жарандык активист Жанболат Мамайдын соту уланууда. Ал БТА банктын мурдагы жетекчиси, Европада бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов банктан уурдаган мыйзамсыз акчаларды адалдаштырган деп айыпталууда. Сотко экинчи жолу чакырылган БТА Банктын менежерлеринин бири Жаксылык Жарымбетов Мамай менен Аблязов аркылуу 2011-жылы таанышканын айтты.

– 2011-жылы Мухтар Аблязов Жанболат Мамайды мага сырттан, Skype аркылуу тааныштырды. Ага бериле турган алгачкы акчанын суммасын Аблязов өзү айтты. Бирок кийинкилерин өзүм бердим. Себеби Жанболат Мамай ал кезде азыркы “Трибуна. Саяси калам” гезитин чыгарбаса да, журналисттик кесип менен олуттуу алектенерин билчүмүн. Анын үстүнө Жаңы-Өзөн окуясына байланыштуу 2012-жылы өткөн соттон кийин Жанболат Мамай кыйналып жүрдү. Андыктан мен ал акчаны көмөк көрсөтүү иретинде бердим”,-деди ал.

Жанболат Мамай сотто Аблязов менен тааныш эмес экенин жана эч качан жолукпаганын билдирди. Журналист Жарымбетов менен интернет аркылуу 2013-жылы “ортомчусуз” таанышканын, кийин Венада жолугушуп, Skype аркылуу байланышып турганын кошумчалады.

Мамай Жарымбетовдон каржылык жардам алганын четке каккан жок жана бул ырааттуу түрдө болбогонун белгиледи. Ал газетасы кыйынчылыкка дуушар болгондо акча алууга макул болгонун билдирди. Мамай бул жардамды “арам акчаны адалдоо” деп эсептебейт.

Мамай өзү ага тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишинин саясий жүйөсү бардыгын айтып келүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: