Menu

“Мегакомго” кызыккан кардар чыкпады

Бөлүшүү:

Баштапкы баасы 300 миллион доллар болгон «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатуу боюнча аукцион эч ким арыз бербегендиктен өтпөй калды. Бийлик аталган операторду сатуудан түшкөн каражатка Балыкчы-Корумду жолунун реконструкциясын аягына чыгарууга ниеттенип жаткан.

Өкмөт аукцион жөнүндө февралдын башында эле жарыялаган. Үч ай ичинде бир дагы арыз түшкөн эмес. Бийликтин мындан аркы кадамы кандай болору азырынча айтыла элек. Ал ортодо мамлекеттик мүлк менен стратегиялык ишканаларды жеке менчикке сатуунун максатка ылайыктуулугу коомчулукта кызуу талаш-тартышты жаратууда.

Мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов кайрадан аукционго коюлабы же жокпу деген маселе карала электигин билдирди. Ал өзү компаниянын наркын арзандатып, тезирээк сатып жиберүүнү колдойт. “Мен башынан эле операторду жеке менчикке сатууга каршы болчумун. Бирок WhatsApp сындуу технологиялардын өнүгүшү менен уюлдук компаниялардын кирешеси кун санап азая баштайт. Эгер болочок инвестор 3-5 жылда салынган кирешени актай албаса, компанияга эч ким кызыкпай калат. Ошон үчүн биз компанияны тезирээк сатып жиберишибиз керек. Бирок азыркы баа менен аны эч ким албайт.

Аукционго жооптуу делген Мамлекеттик мүлк фонду дооматтар боюнча азырынча комментарий берүүдөн баш тартып жатат. Компаниянын 2,5 миллиондон ашуун абоненти бар.

Ал арада коомчулукта аукцион өткөрүүгө жооптуу аткаминерлер сатып алууга кызыкдар кардарлар менен жең ичинен сүйлөшүп алган, биринчи аукционду атайылап үзгүлтүккө учуратып, баасын төмөндөткөнү жатат деген да жоромолдор айтыла баштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: