Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы

Бөлүшүү:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу мугалимдер, кымбаттуу агай-эжелер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — КР билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Биздин коомубузда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келет. Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы.

Азыркы мезгилде агартуучулук кесиптин ролу, мугалимдердин коомдогу баркы жогорулоодо.  Кыргызстандын мугалимдер корпусу татыктуу келечек муунду тарбиялоо үчүн учурдун сыноолорунан татыктуу өтүп жатат.

Коронавирус пандемиясынын шартында да окуучуларга билим берүү ишин үзгүлтүккө учуратпай, аны тынымсыз улантууга зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кыска убакытта ишке ашырдыңыздар.

Мамлекет сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалайт, баарыңыздарга ыраазылык билдирем.

Мындан ары да, билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоо — мамлекттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары сакталат.

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: