Menu

Атамбаевдин биринчи канайымдын жоолугуна асылганы жигиттик эмес

Бөлүшүү:

Азыр Атамбаев «Соке досунун» катасын гана күтүп, өзүнүн ууга чыкчу мезгилин күтүп олтурат. Кирген-чыккан кишиге Атамбаевдин азыркы президентке сыны түгөнбөйт дешет. “Күтө тургула, мен шашпайм! Күндөн-күнгө кризис күчөйт. Эл азыр эле нааразы, эртең-бүрсүгүнү мен баштаган курулуш иштери да токтойт, Сокештин өзүнүн колунан бок дагы келбейт. Президенттиктен кеткениме бир жыл болгондо чоң маалымат жыйын уюштуруп, элдин алдына чыгам” дейт экен. Ал го ал. Досуна болгон күйүтүнүн күчүнөн айтып жаткан сөздөрү. Эки жигит, мурунку достор тиреше беришсин. Бирок, Атамбаев президентке сын айтып бүтүп, президенттин аялы, азыркы биринчи канайым Айгүл Токоеванын да дарегине сөз айтканын уктук. Көрсө, Атамбаевдин талабы боюнча улгайып эле калган Айгүл эжебиз эл алдына жолукчан чыкпашы керек экен. “Биздин Кыргызстан – светтик мамлекет.  Жээнбековдун аялы эмнеге жолук тагынат? Бизди уят кылып атпайбы” деп айтат экен. Мунусун кандай түшүнсө болот? Ушул жигиттин оозунан чыкчу сөзбү?  Мына туугандар, ойлонуп көргүлө. Мораль кимдин тарабында экенин билип алгыла.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: