Menu

Кытай АКШны деңиз чек арасын бузууга айыптады

Бөлүшүү:

АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн кемеси (архив сүрөт)

Кытай АКШнын аскердик кемелерин Түштүк-Кытай деңизиндеги аймактарына кирип барууга айыптады.

Буга чейин Reuters агенттиги америкалык расмий адамдарга таянып, АКШнын Higgins жана Antietam аскер кемелери Кытай өз аймагы деп эсептеген талаштуу Парасель аралдарынан болжол менен 19 чакырым алыстыктан өткөнүн кабарлаган.

Кытай ТИМи америкалык кемелер деңиз сууларындагы 12 милялык аймакты бузганын билдирди. Пекин аталган аймакка өзүнүн кемелери менен учактарын жөнөтүүгө аргасыз болгонун жана мындан ары дагы «өлкөнүн көз карандысыздыгы менен коопсуздугун коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүсүн» уланта турганын белгиледи.

АКШ өз кемелеринин бул аракетин Түштүк-Кытай деңизинде кеме жүргүзүүгө Пекин тараптан киргизилген чектөөлөргө каршы туруу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Пекиндин бул аймактагы саясаты менен макул эмес экенин буга чейин АКШнын жогорку кызматтагы бир катар өкүлдөрү, анын ичинде президент Дональд Трамп дагы айткан.

Парасель аралдары – Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймактардын бири. Аларга ээлик кылуу укугун Кытай менен катар Вьетнам, Бруней, Малайзия, Филиппин жана Тайвань өлкөлөрү талашып келишет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: