2016-жылдын 13-майынан 16-майына чейин аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бишкек шаарында 14-май күнү түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болушу күтүлөт. Ош шаарында 14-май күнү түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4- 9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болушу күтүлөт. 14-май күнү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 15-16-май күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 17-18-май күндөрү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөдөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ