Menu

Өзбекстанда жеке автоунааларды колдонууга жана балдар менен сейилдөөгө уруксат берилет

Бөлүшүү:

Өзбекстандын бийлиги коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөрдү жумшартууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, өлкө жашоочулары жумушка, ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө баруу үчүн жеке автоунааларын эртең менен 7:00дөн 10:00гө чейин, кечинде 17:00дөн 20:00гө чейин колдонсо болот. Мындан тышкары жарандарга балдары менен үйдөн алыс эмес жерде сейилдөөгө, айыл-чарба азыктарын облустар жана шаарлар ортосунда ташууга уруксат берилет.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда 2002 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен сегиз бейтап каза болуп, 1096сы айыгып чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: