Menu

Партияларга тийди-качты аралаша койгон Маманов эми өзү бийликтин партиясынан да күчтүү партия түзөм деп дээлигиптир

Бөлүшүү:

Партиялар көп. Бирок, саясатчыларда туруктуулук жок. Улам бир партияга секирип көрүшөт. Анан өздөрү партия түзүүгө өтүшөт. Анысы ара төрөлгөн баладай болуп араң алты ай жашайт. Анан өлүү партияларынын даакысын сүйрөп алып ар кайсы партиялар «үйлөнө» башташат. Бирок, оттору күйүшпөй кайрале ажырашышат. Бул Кыргызстандагы саясый абал менен саясатчылардын туруктуулугунун жүзү. Эми дагы бир партия туулганы атыптыр. Рустам Маманов деген бизнес­мен жигит бар эмеспи. Аздыр-көптүр саясатка аралашып калды. Бирин экин партияга да тийди-качты аралаша койгону да бар. Ушул жигиттин өз алдынча партия түзүп жатканын эшиттик. Капчыктуу жигит эмеспи, мүмкүнчүлүк болуп турганда саясатка баш-отум менен аралашайын деген го. Баса, бул жи­гит бийликтин партиясынан да күчтүү кылам деп дээлигиптир. Арийне, Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясын алсыратуу аракетин так ушу Маманов баштадыбы? Бул боюнча өзү ме­нен байланышып, пикир билели деген оюубуздан майнап чыккан жок. Балким, окуп калса үн катып коер.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: