Жогорку Кеңештин 18-февралдагы Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Акылбек Жапаров Кыргызстанга Германиядан алынган гранттык 542 миллион евро каякка жумшалгандыгына кызыкты. Аталган комитет буга чейин Германия Федералдык мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосунда 2017-2018-жылдардагы каржылык кызматташуу боюнча мыйзам долбоорун ратификациялаган. Депутаттын суроосуна Каржы министрлиги да, Экономика министрлиги да так жооп беришкен жок. Негизи бизде сырттан жардам иретинде келген гранттар кумга сиңген суудай эле жиги билинбей желип кетет. Демек, жооп жок акча жок деген кеп да…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ