Бизде мамлекеттик ипотекалык компания деген бар. Бул компания атына заты жарашпай, мамлекеттик ипотекалык эмес эле, мамлекеттик аферисттик компанияга айлангандай түр көрсөтөт. Алсак, буга чейин бюджеттик мекемелерде эле иштегендер турак жай ала алат деп ооздорун чоюшканы эсибизде. Аягы эмне болду? 7000ге жакын адамдан үй алууга арыз түшүп, тилекке каршы 860ка жакынынын гана үй алганга айлык маяналары туура келет экен. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, үстөк пайыздын жогору болгондугуна байланыштуу, бир катар үйгө муктаждар арыздарын кайрып алышкан. Ушул компания менчик банктардын капчыгынын кампайышына салымын кошушпай, мамлекеттик банктар менен эле иштешсе, үстөк пайызы төмөнүрөөк болмок. Бирок андай жолго барышпай, менчик банктан алчу алакан ысытчу акчаны кыя алышпай, ар кайсы шылтоону айтышып баш айландырышууда. Бүгүнкү күндө жалпы 77 миң мугалимдин 25 миңи турак жайга муктаж экен. Бирок тилекке каршы, мугалимдердин айлык маянасынын аздыгынан аты мамлекеттик, заты менчик компаниядан турак жай ала алышпай кыйналууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ