Menu

Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусиядан компромат алууга даяр

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусия же башка өлкөдөн алынган компроматтарды колдонууну уят деп эсептебейт. Бул тууралуу ал шаршемби күнү ABC News телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

«Бул биздин саясий жараянга кийлигишүү эмес, ал саясий күрөштөгү кадыресе жүрүш. Эгер мага ушундай материалдарды беришсе, анда алар мени алдаганга аракет кылып жатканын сезсем гана ФБРге кайрылам», — деди Трамп.

The New York Times басылмасы белгилегендей, Трамптын бул пикири 2020-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген демократтардын жана ФБРдин жетекчиси Кристофер Кэйдин көз караштарына каршы келет. Кэй мындай учурларда саясатчылар укук коргоо органдарына телефон чалуулары керектигин билдирген.

«Буга менин намысым жол бербейт. Эгер силерге зыян боло турган сунушту уксаңар, анда ал адам менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгула. ФБРдин директорунун укук коргоо органдарына телефон чалуу сунушу туура эмес», — деди президент.

Буга чейин Трамптын улуу баласы 2016-жылы Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонго каршы компромат берүүнү убадалаган орусиялык юрист Наталья Весельницкая менен болгон жолугушуусу боюнча конгрессмендердин суроолоруна жооп берген. Анда ал жыйынтыгында Весельницкаяда андай маалыматтар жок болуп чыкканын айткан.

Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча эки жылга жакын иликтөө жүргүзгөн атайын прокурор Роберт Мюллер Москва Трамптын штабынын пайдасы үчүн натыйжалуу аракеттерди көргөнүн, бирок алардын ортосунда эч кандай көмүскө бүтүм болбогонун билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: