Menu

Кыргызстан менен Түркмөнстандын Президенттери куттуктоо телеграммалар менен алмашышты

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

“Чейрек кылым бою Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда эки тараптуу кызматташуу ырааттуулук менен өнүгүү тенденциясы сакталып келе жаткандыгын канааттануу менен  белгилеп кетким келет. Акыркы жылдары кызматташуубуздун негизин бекемдөө жана эки тараптуу мамилелерди терең мазмун менен  толуктоо боюнча Сиз менен  биргелешкен чоң иштерди жүргүзө алдык. Ишке ашырылган жогорку деңгээлдеги  өз ара сапарлар  кыргыз-түркмөн кызматташуусун мындан ары тереңдетүүгө бекем негиз болду”, -деп белгиленет Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелер мындан ары дагы  өз ара пайдалуу негизде эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берет деп ишенет. Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовго  чың ден соолук,  белгиленген пландарды ишке ашыруу үчүн чексиз күч-кубат, ал эми боордош Түркмөнстан элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз телеграммасында   дипломатиялык мамилелер орнотулган мезгилден бери  тең укуктук, урматтоо жана ишеним принциптерине негизденген эки тараптуу бир туугандык байланыштар жана өз ара өнөктөштүк активдүү өнүккөндүгүн белгилеген.

“Учурда өлкөлөрүбүз  эки тараптуу форматта гана эмес, эл аралык түзүмдөрдүн алкагында дагы ийгиликтүү кызматташып жатат. Бул туурасында абройлуу эл аралык уюмдардын алкагында сунушталган  эл аралык демилгелерди жана сунуштарды өз ара колдоо көрсөтүү ырастап турат. Түркмөн-кыргыз соода-экономикалык  байланыштар ыкчам өнүгүүдө. Маданият жана илим тармагында кызматташуу ийгиликтүү кеңейтилип жана чыңдалып жатат. Буга  көбүнесе соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссия өбөлгө түзүүдө”, -деп  белгиленет куттуктоодо.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов  Түркмөнстан мындан ары дагы эки өлкөнүн ортосундагы  көп тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө ниеттенүүдө деп белгилеген. Түркмөн-кыргыз мамилелери мындан ары дагы эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кыйшаюусуз өнүгө берээрине ишенимин билдирген.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине  тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: