Menu

Тышкы иштер министри Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-февралда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ф.Делаус менен анын Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырууга байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Р.Казакбаев Элчи Ф.Делаусту кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, өткөн шайлоо процесстери – 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу аныктоо боюнча референдум жөнүндө маалымат берди. Президенттин жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо сапатын жана саламаттыгын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чараларга көңүл бурдум.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты: иш сапарларды жогорку жана жогору деңгээлде уюштуруу, «AFD» Франциянын өнүктүрүү боюнча агенттигинин түзүмдүк бөлүгү болгон «Proparco» жана «Aeroports de Paris» менен «TAV Airports» париж аэропортторунун эл аралык оператору тарабынан Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу перспективалары, ошондой эле Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорлорунун ишке ашырылышы боюнча маселелер. Бул контекстте министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык өсүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча кыргыз тараптын аракеттерин баса белгиледи жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо-кен тармагын реформалоо, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында каржы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу жөнүндө тиешелүү жарлыктарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Францияга болгон тышкы карызын реструктуризациялоо мүмкүндүктөрү мындан аркы кадамдарды талкуулоого көңүл бурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: