Menu

Тажикстанда милиция көчөдө беткапсыз жүргөн өспүрүмдөргө каршы рейд жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

10-майда Душанбеде милиция “Өспүрүм” аталышындагы ири рейд өткөрдү. Укук коргоо кызматкерлери көчөдө беткапсыз жүргөн балдарды токтотуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кармалган өспүрүмдөр милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жок. Жаштарга эпидемия учурунда беткапсыз жүрүүгө болбой турганын, зарылчылык жок болсо көчөгө чыкпай, үйдө отуруу керектигин гана айтышты. Тажикстанда расмий түрдө карантин жарыяланган эмес. Мындан улам милиция сейилдөөгө тыюу сала албайт.

Тажикстан ИИМи мындай рейддер күн сайын жүрө турганын билдирүүдө. Соңку суткада эле милиция кызматкерлери беткапсыз жүргөн 90дой баланы кармаган.

Тажикстанда 15-июндан тартып беткапсыз жүргөндөргө айып пул салуу боюнча республикалык штабдын атайын токтому күчүнө кирет. Айып пулдун көлөмү 28 доллар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: