Menu

Соттуулугун жашыруу үчүн жасалма паспорт алган Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев кызматынан бошотулду

Бөлүшүү:

Саркарбаев Кылычбек Асылбекович Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматтар боюнча, Саркарбаевди кызматтан бошотуу боюнча сунуш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча аймактык комиссиядан түшкөн.

Белгиленгендей, Саркарбаев мурунку мэрдин [Айтмамат Кадырбаевдин] тушундагы кызматка дайындалган. Ал парламенттик шайлоого катышканына байланыштуу 20-августтан 6-октябрга чейин акысыз эмгек өргүүсүндө болгон. Андан кийин ал жумушка келип, 5-ноябрдан 9-декабрга чейин эмгек өргүүсүндө болгон.

Белгилей кетсек, 17-декабрда УКМК Ош шаардык мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев өзүнүн соттуулугун жашыруу үчүн жасалма паспортту колдонгонун аныктаганын маалымдаган.

«1987-жылы туулган КРнын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспортунун мыйзамдуулугун текшерүү учурунда жасалма документ жасоо фактысы аныкталды. (Саркарбаев) Сулайманов Кылыч Асылбекович уюшкан кылмыштуу топтун лидери “Женго” лакап аты менен таанымал Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе экени аныкталды. Буга чейин Сулайманов каракчылык үчүн сот жообуна тартылган. 2006-жылдын июнь айында Ош шаардык сотунун чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды », – деп айтылат билдирүүдө.

Сулайманов-Саркарбаев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 22-сентябрда таңга маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Анда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиев анын жоон санына ок тийгенин айткан.

Оштогу ок атышкан окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, Кылмыш кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча иш козголгон.

Кылычбек Саркарбаев 2020-жылдын февраль айында жумушунан убактылуу четтетилген. Ага чейин ММА боюнча дүйнө чемпиону Төлөгөн Рахманберди уулу видео кайрылуу жасаган. Ал Кылычбек Саркарбаев аны коркутуп жатканын айтып, өлкө президентине арызданган. Кийинчерээк кайра кызмат ордуна калыбына келтирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: