Жакынкы айларда Кубанычбек Кулматовдун эркиндикке чыгары боюнча тар чөйрөдө кеп кетти. Себеби, Россиянын үлкөн чиновниктери Кулматовдун тагдыры үчүн күйүп-бышып атышканы, кыргыз бийлигине коңгуроо кагышканы, бир чети козголгон кьшмыш ишинин да перспективасы жок экени айтылып, айтор, камакка алгандардын айлалары кете башташтыбы? Кулматов бир да айыбын мойнуна албай, УКМКнын камагында өзүн ээн-эркин сезип отурганын, сыноону жигитче көтөрүп атканын да көргөндөр божурашты. Эгерде экс-бажы кызматынын төрагасы сот аркылуу эркиндикке чыкса, анда коррупцияга каршы күрөшүүнү демилгелеген күч органдарынын жетекчилери кызматтарынан айдашабы?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ