Түркмөн аргымагынын күнүнө быйыл улуттук майрам макамы берилди. Президент Гурбангулы Бердымухамедов тиешелүү жарлыкка апта башында кол койду.
Быйыл президент Гурбангулы Бердымухамедов майрамга карата бир Алабай тукумундагы күчүк жана 8 ахалтекин аргымагын белекке алды. Аларды ар бир облус, укук коргоо жана аскер органдары, ошондой эле өлкө жылкычылары бирден беришти.
Майрамдын алкагында ат чабыш, жылкылардын сулуулук сынагы, түрдүү мелдештер өткөрүлүп, чыгармачыл жамааттар өнөр көрсөтүштү. Бул иш-чаралардын бардыгы президенттин дарегине ыраазычылык билдирген сөздөр менен коштолуп, мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлдү.
Былтыр Түркмөн аргымагынын күнүндө мамлекет башчынын күлүгү ат чабышка катышып, биринчи болуп келген. Анда Бердымухамедов баш байгеге алган жолтандабас унаасын жылкычыларга берген.
Түркмөнстанда 1992-жылдан бери Ахалтекин аргымактарына арналган күн апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленип келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ