Menu

Прокурор Бобомурод Абдуллаевди 5 жылга эркинен ажыратууну сурады

Бөлүшүү:

2-майда Ташкент шаардык сотунда журналист Бобомурод Абдуллаев, блогер Хаетхон Насреддинов жана жергиликтүү ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровдин иши боюнча сот отуруму уланды. Алар антиконституциялык ишмердүүлүккө айыпталышууда.

Прокурор Абдуллаевди беш жылга эркинен ажыратууну, калгандарын актоону сурады. Бул тууралуу соттук отурумга катышкан ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов билдирди.

Ташановдун айтымында, прокурор Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу жана конституциялык түзүмдү кулатуу үчүн кутум уюштуруу” беренесинен баш тарткан. Бул беренеде 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү кулатуу максатында уюштурулган “Жатва” долбооруна Бобомурод Абдуллаевдин катышы бар экени тастыкталган эмес.

Соттун кийинки отуруму 5-майга белгиленди.

Журналист Бобомурод Абдуллаев 2017-жылы 27-сентябрда кармалган. Ал Интернетте “Усман Хакназаров” аты менен Өзбекстандагы бийликти кулатууга чакырык таштаган материалдарды жазып жүргөн деп айыпталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: