Бүгүн, 20-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 59 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 22, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 18, Ош облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 9, Нарын облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 831ге адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 107 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 690го жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 40, Чүй облусунан – 33, Ош облусунан – 11, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 9, Жалал-Абад облусунан – 3, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1, Ысык-Көл облусунан – 1 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1452ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ