Menu

Видео – Тогуз-Торо эли көтөрүлүп, митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-февраль күнү, Жалал-Абад облусунун тогуз-торо районунда айрым жергиликтүү тургундар тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы, кайрадан митингге чыгышты.

Элдин көйгөйү-бул Тогуз-Торо районуна курулуучу ишкана. Отуз жылдап мамлекетке алтын берип жаткан ишканасы бар район, алтын деген кандай зыян менен келээрин билип турган жергиликтүү калк, азыр дагы кошумча ишкана курулуп, эксплуатацияга берилип жаткандыгына макул эмес экендигин билдирип чырылдаганы бекер эмес!

Кыргызстандагы эң биринчи алтын комбинаты курулган райондун эли, алтын чыккан ишканасынын запкысын жакшы эле тартып келе жатышат, карапайым калк алтын ишканасынын азабынан ар кандай илдетке учураганы аз келгенсип, мүчөсүндө, же акыл-туйумунда кемчилиги бар балдар көп төрөлүүдө…

Бизди эмне жок кылышабы, ишканасынын бизге бир тыйын пайдасы да, кереги да жок!-деп кыйкырып чыгышты.

Эске сала кетсек, 1-февраль күнү, Казарман айылында эл толкуп митингге чыгып, жергиликтүү бийликтегилерден жооп ала албай, үйлөрүнө тарап, кайра дагы минингге чыгып, көйгөйдү оң тарабына чечилүүсүнө жетээрин айтып кетишкен.

https://www.youtube.com/watch?v=KiCOcG7ET-w&feature=youtu.be

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: