Menu

Видео – Тажикстанда президенттин китебине эстелик орнотулду

Бөлүшүү:

Гиссарда Тажикстан президентинин «Тажиктер тарыхтын күзгүсүндө» аталышындагы китебине эстелик орнотулду. Ачык турган чоң китеп көрүнүшүндөгү скульптуранын салмагы бир тоннаны түзөт.

Акыркы 20 жыл аралыгында мамлекет башчы тарабынан ондогон китептер жазылган. «Тажиктер тарыхтын күзгүсүндө» китеби 2002-жылы басылып чыккан, анда тажиктердин беш миң жыл ичиндеги тарыхы тууралуу айтылат.

Азырынча эстелик Гиссар акимчилигинин имаратынын алдына коюлду. Балдарда патриоттук сезимдерди тарбиялоо үчүн билим берүү мекемелеринин кызматкерлери ал жакка окуучуларды алып барып жатышат. Жакында скульптура шаар борборундагы адам көп өткөн жерлердин бирине көчүрүлөт.

Гиссардын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назри Асадзода «бул монумент улуу китепке коюлганын, анын бийиктиги 4 жана туурасы 6 метр болсо да басылманын бардык баалуулугун берүүгө мүмкүн эместигин» айтты.

Эстелик жергиликтүү ишкерлердин 12 миң сомони өлчөмүндөгү акчасына президенттик мектептин мугалимдеринин демилгеси боюнча даярдалган. Тажикстандын мыйзамдары Улут лидерине тирүү кезинде эстелик орнотууга тыюу салат, бирок Гиссардын билим берүү тармагынын кызматкерлери өлкө башчысына сый-урмат көрсөтүүнүн башкача жолун табышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: