Menu

Видео – Нарын облусунда быйылкы музоого кол салган ак илбирс кармалып, Ысык-Көлдөгү NABU реабилитация борборуна жеткирилди

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-майда Нарын облусунда быйылкы музоого кол салган ак илбирс кармалды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Алардын айтымы боюнча, ак илбирсти Нарын районунун Эмгек Талаа айылынын тургуну Тескей-Торпо ашуусунан быйыл туулган музоого кол салып, жеп жаткан жеринен кармаган.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо бөлүмүнүн жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлеринен турган ыкчам топ жерине барып, ветрачтар менен биргеликте илбирстин абалын текшеришкен. Аны текшергенде эркек илбирс экени жана карып калганы аныкталган. Анын бир буту аксап, алсырап, бир көзү көрө албай кыйналган.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги белгилегендей, ак илбирс карып калганына жана абалына байланыштуу өз алдынча аңчылык кыла албайт. Ушул себептен улам ал музоого кол салышы мүмкүн.

Кызматкерлер ак илбирсти  илбирстерди коргоо боюнча эл аралык NABU уюмунун Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы калыбына келтирүү борборуна жеткиришкен.

“Учурда ак илбирс калыбына келип, ветеринарлардын көзөмөлүндө. Бүгүн Бишкектен Ысык-Көлгө ветеринарлардын тобу чыгып, ак илбирсти толук текшерип чыгышат” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстанда жыл башынан бери кармалган үчүнчү ак илбирс. Биринчи ак илбирс 9-январда Талас облусундагы токойдогу дарактан табылган. Аны Бишкекке жеткирип, аны Жаабарс деп аташкан. операция жасашкан. Бирок, эки көзү тең көрбөй калган.

Экинчи илбирс Нарын облусунан табылган. Илбирс ачкалыктан Жумгалдагы бирөөнүн малына кол салууга келгенде кожоюндун иттери байкап калып чабуул жасашкан. Иттерден чочуган илбирс эшиги ачык турган сарайга кире качканда үйдүн ээси иттерди киргизбей, эшикти сыртынан жаап, КР Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо кызматына билдирген. “Илбирс” куткаруучу тобу колго түшкөн илбирсти Бишкекке алып келишкен.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: