Menu

Видео – Рита Карасартова, укук коргоочу: “Саясатта жүрүп аял киши эркектер менен тең таймаша албай турганын түшүндүм”

Бөлүшүү:

“Кечээ ЖМКга жергиликтүү кеңеш жана Жогорку Кеңештеги квота маселеси боюнча теледебатка баргам. Ага жакшы ой менен, аялдарга дем-күч берейин, билбеген нерселер болсо сурагыла, укуктук жаткан жардам берели деген ойду айтайын деп жакшы маанайда баргам.. Улукбек мырза, эркектердин майдаланганы өтүп кетти. Мен депутат болоюн, мамлекеттик кызматка бара калайын деген оюм жок, Кыргызстандан чыгып кеткенге деле мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок, “мен болбосом, ким оңдойт” деген маселе кармап турат”, – деп билдирди укук коргоочу Рита Карасартова кечээ, 19-февралда Facebook социалдык тармагындагы баракчасында түз эфир учурунда.

“Мага оппонент болуп Октябрь районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков чакырылыптыр. Эфир башталып, мен сөзүмү сүйлөгөндөн кийин, ага микрафон тийгенден кийин эле, “Мына ушул НПОлор миллион деген долларларды алып, Кыргызстанды бузат, булат талкалайт, ЛГБТсын алып келет, фемминисттерин тарбиялайт” деди. Акырында 1916-жылы дагы биздей болгон душмандар Кыргызстандагы көп кыргыздардын кырылганына себепкер болгон экенине жеттик. Ошондо өзүмдүн эмоциямды кармайын дедим, бирок биринчи жолу түз эфирде жашымды токтото албай, токтотоюн десем деле көзүмдөн жаш чыгып, эфир аяктап калганда микрафонду чечип, чыгып кеткенге туура келди”, – деп билдирди ал.

Укук коргоочу саясатта жүрүп аял киши эркектер менен тең таймаша албай турганын түшүнгөнүн кошумчалады.

“Мен өзүмдүн күчүмдү айымдарды колдоп, аларга мотивация берем деген багыт алдым”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: