Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Адамдын өлкөдөгү кадыр-баркы – таза эмгек, ак ниет мамиле, мекенчилдик сезим менен гана бааланышы зарыл

Бөлүшүү:

«Адамдын өлкөдөгү кадыр-баркы — таза эмгек, ак ниет мамиле, мекенчилдик сезим менен гана бааланышы зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мамлекет башчысы мамлекеттик сыйлыктар жана жогорку наамдарды алып жаткандарды куттуктап, алардын ак эмгектин, талыкпаган изденүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үзүрү менен алкоого арзып, мамлекеттик сыйлыкты алып жаткандарын белгиледи.

«2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2019-жылга максаттарыбызды, милдеттерибизди, пландарыбызды аныктадык. Экономиканы өнүктүрүү үчүн ыӊгайлуу мыйзам базасы түзүлдү. Эми жасай турган иштерибиз көп. Мамлекетти өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталган реформаларды баштадык. Аларды турмушка ашырууда сиздердей мекенчил жарандарыбыздын эмгеги, журтубуздун биримдиги жана коррупцияны кыскартуу аба менен суудай зарыл. Сиздер реформаларды, коррупцияга каршы күрөштү колдоп, кубаттап жатасыздар. Аймактардагы элеттик жашоочулардан келген каттар, жолугушуулардагы элдин сөзү биздин иштин, жолубуздун тууралыгын далилдеп турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал экономиканы көтөрүү, элдин жашоо-шартын оӊдоо, бакубат турмушту орнотуу максатын ишке ашырууда эмгек адамдарынын жардамы чоң мааниге ээ экенин айтты.

«Бүгүн жөнөкөй жумушчудан тартып, окумуштуу-академик, таланты менен таанылган маданий ишмерлер, мугалимдер, врачтар, айыл чарба, транспорт кызматкерлери, өндүрүшчүлөр, бизнес өкүлдөрү, калкты тейлөө кызматынын алдыӊкылары, маалымат кызматкерлери сыйлыкка татыктуу болуп отурасыздар. Адамдын коомдогу кадыр-баркы — таза эмгек, ак ниеттүүлүк, мекенчилдик сапаттар аркылуу гана бааланышы зарыл. Мен бүгүн сиздер менен, так ушундай, эмгек менен абийир таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн түз таасир этип жаткан мыкты мекендештерибиз менен жүз көрүшүп жатам», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы сыйлык алып жаткан аксакалдар, энергетика менен тоо кен тармагына өмүрүн арнаган Карыпбек Алымкулов жана Орозбек Дүйшеевди, эгемен Кыргыз армиясынын калыптанышына эмгеги сиңген генерал Исмаил Исаковду, профессор Сыртбай Мусаевди, алыскы тоолуу айылдын мугалими Гүлүмкан Тургунбаеваны, балдар акыны Каныбек Жунушевди, белгилүү обончу, аткаруучу Атайбек Бөдөшевди, сатирик Абдылда Иманкуловду, профессор Любовь Зубехинаны, аймактарга колдоо көрсөтүп келген депутат Азамат Арапбаевди, КР айыл чарбасына чоң салым  кошкон зоотехник-селекционер Орозбек Алимжановду белгилеп өттү.

«Сиздерди мамлекеттик сыйлык жана наамдарыӊыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Сиздер сыяктуу эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз бар болгону үчүн өлкөбүз өнүгөт, өсөт», — деп сөзүн жыйынтыктаган Президент Сооронбай Жээнбеков аларга бекем ден-соолук, ийгилик, эл-жер, Кыргызстан үчүн талыкпай иштей беришин каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: