Menu

Видео – Александр Колосов, Италиялык врач: “Мен өзүм жуктуруп алган коронавирустан кантип 1 күндө айыктым…”

Бөлүшүү:

Азыркы учурда дүйнө жүзүн камтыган коронавирус күн санап өсүп жаткан кези. Өнүккөн мамлекеттер бул илдеттен арылуу үчүн ар кандай ыкмалар менен ооруган адамдарды айыктырууда. Ошол эле учурда медицина кызматкерлери дагы жөнөкөй адамдар дагы өз ыкмаларын интернет айдыңына жарыялоодо. Ошондой ыкмалардын бирин 20 жылдан бери Италияда доктур болуп иштеген Александр Колосов кантип коронавирустан айыкканын айтып берди.

“Мен Александр Колосов, бүгүн, 2020-жылдын 5-майында жугуштуу коронавирустан кантип бир күндө айыгып чыгып кеткенимди айтып берейин: кесибим боюнча мен врачмын, 20 жылдан бери Италияда жашайм. Медицина тармагында кары-картаңдарды дарылоо системасында иштейм. Баарыңыздарга белгилүү болгондой кары-картаңдарды дарылоо тармагы коронавирустан эң көп жоготууларга учурады. Эми өзүм жуктуруп алган коронавирустан кантип 1 күндө айыкканымды айтып берейин. Ооруканада нормадан ашык иштегеним үчүн мага 6 күндүк эс алуу беришти. Отпусканын экинчи күнү мен өзүмдөн жугуштуу коронавирустун баардык белгилерин байкай баштадым. Бул оору өпкөнү сезгентет экенин билем. Анда мен кандай ыкманы колдондум… Жол-жобосу жөп-жөнөкөй. Негизи көпчүлүк вирусту өлтүрүү үчүн спирт ичимдиктерин ичүүнү айтып жатышат. Бирок бул туура эмес. Аракты ичпеш керек, аны жытташ керек. Мен коронавирусту жеңүү үчүн төмөндөгү ыкманы сунуштайт элем. Жөнөкөй медициналык чүпүрөккө аракты себебиз дагы аны бет капка салып 3-5 мүнөт ар бир жарым саатта жыттап турабыз. Бир күн кечке кайталоо керек. Ал эми жатаар алдында дагы жаздыкка дагы аракты себип жаттым. Мен бул ыкманы бир күн колдонуп, эки күндөн кийин ооруканага барып, вируска анализ тапшырганда коронавирус менден аныкталган жок. Көп тааныштарым менден бул ыкманы чалып сурап жатышты, аларга дагы бул ыкманы сунуштаганымда текшерүүлөрдөн кийин алардан дагы коронавирус аныкталган жок. Кээбирлер “анда мындай болсо баардык вирустарды ушундай ыкма менен айыктырып койсо болмокта”,- деп айтышы мүмкүн. Бирок мындай ыкма менен ушундай Ковид 19 вирусун гана айыктырса болот… Бул ыкма жөнөкөй жана оңой. Менин видеомду көргөн адам толугу менен айыкканга мүмкүнчүлүгү бар”,- деген ал.

Бул ыкманын канчалык деңгээлде пайдалуу экенин билбейбиз, бирок балким обсервацияда жаткандардын бирөө-жарымына пайдасы тийип калаар деген үмүттө жарыялап коюуну чечтик.

https://youtu.be/MSFc8Qh9p9I

Кыргызчалаган: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: