Menu

386 млн долларга эски президент жоопкерби же жаңысыбы?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоосу анын иштин көзүн билгендигин тастыктап турат. Бирок, региондорду өнүктүрүү жылынын негизин түзгөн стратегиялык документтердин талаптагыдай аткарылышы “кимдир бирөөнүн канын төккөн” же “мародерлук кылып байыды” деген сыяктуу кепке калган шылуундардан арылмайын жүзөгө ашпай, региондорду өнүктүрүү менен жалпы мамлекетибиздин өнүгүүсү кагаз жүзүндө калып, азыркыга чейин келе жаткан Атамбаевдин калпы жана анын популизми менен катарлаш болуп кала берет.

Региондордун өнүгүүсү — ​мамлекеттин өнүгүүсү, мамлекеттин өнүгүүсү коррупция менен карама-каршы турган түшүнүк. Бирок, ушул мезгилге чейин, коррупционердин көбү патриот катары саналып, ал эми Атамбаевдин жакындарынын тизмесине кирсе, ал коррупционер үчүн эч бир мыйзам иштебесин кыргызстандык эл эмес, ошол элибиздин короолорунда байланган иттери деле билип калган шекилдүү. Өзгөчө дөбөттөр, анткени, Атамбаевчил аткаминерлердин жана депутаттардын кээ бири ошол “балтектерден” эч айырмасы жок болуп калганын турмуш тастыктап жатпайбы.

Бийликтеги коррупционерлер менен ачык күрөшүүгө күчтөнүп келе жаткан жаш саясатчыларды каматып, мурунку бийлик мыйзамсыз, өзүм билемдиги менен жол ачып бергенин ким тана алат? Эми экономикалык кылмыш кылган аткаминерлер жана депутаттар түрмөгө камала баштаса, Атамбаев Сооронбай Жээнбековго үстөмдүк кыла албасын түшүнөр бекен?

Азыркы кезде, ажобузду “кандайдыр бир сырткы күчтөр колдоп жатат” деп да айткандар бар. Мисалы, суук түшпөсө, Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 25 градус суукка туруштук бере албастыгы ачыкка чыкпаса, Атамбаев Бишкек ЖЭБни реконструкциялоо иштерине каршы чыккандар — ​чыккынчылар”, дегенге чейин барбады беле? Андан да, коррупцияга матырылган келишимге Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турганда кол койгонун Сатыбалдиев өзү телевидение менен “Азаттыктан” улам эле какшап атса да, Атамбаев СДПКнын съездинде кылмыш үчүн жоопкерчиликти Жээнбековко оодаруу аракетин көргөнү дагы бир жолу экс-президент Атамбаевдин өзүнөн башка иштей турган адамды жактырбай турганын тастыктады. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөтүү иштерине сарпталган 386 миллион доллар жөнүндө кеп болуп жатат.

“Техникалык бөлүктөр толук алмашылат” деп убада кылган бийлик, олчойгон пайызы менен Кытай тараптан бөлүнгөн кредитти кытайлыктар менен кошо бөлүп жеп коюуну башынан эле максат кылганын мезгил көрсөтүп койду го…

“Жарымын жеп, жарымын Бишкек ЖЭБ курганга жетчү акча каражатты пайдаланып, 30 пайызга жетпеген бөлүктөрүн алмаштырган бийликти жана Бишкек Жылуулук электр борборунун башкармалыгын атып таштаса деле көптүк кылбайт эле”, — ​дейт жарандык активистмин деп өзүн тааныштырган Айдар Мамытов. Андан да: “… логикага таянсак, 36 млн доллар гана иш жүзүндө пайдаланылган, ал эми калган сумма кумга сиңген суудай болуп кеткен экен!”, — ​деп жазып жатты ЖМКлар.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө расмий жооп кайтарылбайт.

“Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Атамбаевдин билдирүүсү күтүүсүз болгон жок, анткени бул сөздөрдү алар курултайдан эки күн мурда сүйлөшүп, бирок ар бири өз позициясында калышкан. Жыйынтыгында экс-президент Атамбаев президент Жээнбековго карата өзүнүн таарынычын ачык жарыялады” деп белгиледи Стамалиева.

Басма сөз катчынын билдиргени боюнча, экс-президент белгилеп жаткан Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча президенттин көз карашы Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча иликтеп жаткан депутаттык жана башка иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан кийин билинмекчи.

“Белгилеп коюучу нерсе — ​БЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Модернизациялоо боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. Ал эми модернизацияланган БЖЭБу 2017-жылы 30-августта ишке берилген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ишин 21-августта өткөрүп берген. 2017–2018-жылдын кыш мезгилине даярдык маселесинде Сооронбай Жээнбековдун катышы жок” деп билдирген Президенттин пресс-катчысы.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди.

Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди. Анда Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун “кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге алдырбоо тууралуу досуна жана мамлекет башчысына кеңеш” деп сыпаттаган.

Аны калың эл түшүнбөй калса керек. Атамбаевди жалгыз гана Фарид Ниязов эле түшүнөт окшойт. Ошондуктан, Фарид мырзанын бул билдирүүсүнө:

Апей ботом, ошондой беле, кысталак? — ​деген суроодон башка эмоция да жок..

Атамбаев карап туруп, ЖЭБтин модернизациялоосу тууралуу Келишим Жээнбековдун мезгилинде кол коюлган деген карандай калпы — ​фактылар менен тастыкталып турат. Бишкек ЖЭБинин реконструкциясы тууралуу келишимге 2013-жылы 8-июлда кол коюлган. Кыргызстан тараптан келишимге ошол кездеги Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Ал документ турса да, Сооронбай Жээнбеков кол койгон деген президент болуп жүргөн адамдын ден-соолугу кооптонтпойт деп ким кепил болуп айта алат? ТВЕА компаниясы менен 16-июлда “Электр станциялары” акционердик коомдун башчылыгы кол коюшканын ким жокко чыгара алат? Же ошол кездеги Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековду Атамбаев күнөөлөйбү?

Атамбаев партиясынын Курултайында, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Жогорку Кеңештин экс-спикери, СДПК фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков тууралу терс ойлорун айтып, аны “мандатын тапшырышы керек”, деген талабы, СДПК партиясынын түштүк региондорунан келген курултайдын 15 делегатын, “Курултайга Асылбек Жээнбековду да чакырыш керек”, дегени үчүн Курултайга киргизбей койгону, делегаттардын кыжырын кайнатканын эл теледен көрүп, радиодон угуп жатышты.

Түштүк региондорунда партиянын мүчөлөрүнүн санын көбөйтүп, сапатын жакшырткан Асылбек Жээнбековдун эмгегин Атамбаев эске албады. Түштүк регионундагы Жээнбековдордун позициясы менен абройлорун жокко чыгарды. Эми түштүк региондорго СДПКчылар, башка, Асылбек Жээнбеков колдогон партияга мүчө болуп, ал партияны күчтөйт, деп айтыла башталды.

Андан да, арендага алынган залыбыз кичинекей болуп, орун жок деп журналисттерди киргизбей койгондорун, СДПКнын аброюнун пастап кеткенин же Атамбаев өз тарапташтарын эмес, жалпы кыргызстандыктарды уруп да койбосун билгизди деп айтууга болот.

Азыркыга чейин эл түшүнбөй турат. Партиялык жыйын 2017-жылдын 17-декабрына белгиленип, бирок, 60 жашка чыккан Атамбаевдин ден-соолугу начарлап, ооруп калганын шылтоо кылышып, декабрдын аягына жылдырышкан эле. Анан жаңы жылдын алдына, жаңы жылга туш келип, Атамбаевдин оорусу узаргандыктан эрте жазга жылдырылган. Анда 8-Март, Нооруз жана башка майда-барат майрамдар болуп, Атамбаевдин ден-соолугу дагы эле күмөн болуп, айыккандыгы айтылып, март айынын акыркы күнү өткөнүн белгилеп кетүү абзел. Курултай жабык режимде өткөнүн дагы бир жолу айтып кетүү керек. Ошол жабык режими менен бул Курултай “зоналардагы” “сходнякты” элестеттирди, кысталак. Анткени, түрмөнүн авторитеттери, эч кимди жолотпой, түрмөдөгү түрмөчүлөрдүн маселелерин чечет.

Бирок, андай “сходкаларда” эч ким эч кимди “боктобойт”, анткени жоопко тартылат. Биздин экс-президентибиздин оозу толтура жаман сөзбү, же ар дайым оозуна “тигини” толтуруп алып жүрөбү, бирок, богооз сөздөрдөн башка эч нерсе оозунда калбагандай таасир калтырды.

Эми Сооронбай Жээнбеков түштүк регионун толугу менен өзүнө имерип, түндүктөн, өзгөчө Чүйдөн тарапташтарын көбөйтүп жатат. Таластын эли болсо, Атамбаевдин иш аракеттеринен тажап, эмне кыларын билбей турган кез. Анткени, “бычакка сап болчу, элге лидер болчу эр жигиттерден” көңүлдөрү сууп калган кез.

Кыргызстандыктар регион, облустар боюнча бөлүнгөнүн эч жашыра албайбыз, ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков командасына Таластык Өмүрбек Бабановду тартса, таластыктар да Жээнбеков тарапка өтүп кетиши ыктымал”, — ​деп айтат саясат таануучу Болот Шерманбетов.

Курултайда Алмазбек Атамбаев мамлекеттик резиденцияга салынып жаткан үй-сарайы тууралуу да токтолуп кетти. Аны Атамбаев өз акчасына салган имиш. Бирок, курулушка сарпталган акчанын чоң бөлүгү мамлекеттин эсебинен каржыланганын айтканды унутуп калганы кейиштүү болуп калды. Айтмакчы, аны кийин мамлекетке өткөрүп берем, деп убадасын берүүдө. Бирок, “Кой-Ташта жашайлы”, десе, аялы Раиса болбой атат имиш, демек, мамлекеттин катышуусу менен, мыйзам жол бербесе да өзүнө салган үй-сарайдын мамлекетке өткөрүп берилишинен күмөн санагандар да жок эмес…

Азыркы кезде эл арасында СДПК партиясынын курултайынын жыйынтыгы эмес, ал жыйындын өтүшү тууралуу сөз болуп жатат. Жыйынтыгы белгилүү. Алмазбек Атамбаев төрага болуп шайланды. Курултайдын мындан башка дагы максаттары бар эле, бирок, ал максаттарга делегаттар токтолгон жок. Ага көп эле себептер болду. Ал эми эң эле башкы себеби, Атамбаев ичине катып жүргөн “иттердин” баарын сыртка чыгарды. Сооронбай Жээнбековду “ээрчитме” кылып, болгон тышкы саясатка, ички саясатка, кадр саясатына көзөмөл жүргүзмөк тургай, Сооронбай Жээнбековдун колу менен мамлекетти толугу менен көзөмөлдөйм, деген пландары ойрон болду.

Эми, президент коррупцияга матырылып баткан Атамбаевдин тегерегиндеги шылуундарды жоопко тарттыруудан баштаса, алардын “паханы” Алмазбекке да кезек жетет. Андай иштерди эл колдоп берет. Ал эми Атамбаевдин коркутуу-үркүтүүлөрү коркутуу-үркүтүү бойдон кала бермекчи. Анткени, Атамбаевдин СДПК партиясы күчүнөн тайып, азыр баягы эле “эргежээл” партиялардын катарына кошулуп калбайт деп эч ким азыркы кезде кепилдик бере албайт.

Азыр, коррупцияга матырылган Атамбаевдин тегерегиндеги чөөлөрдү, ана башчысын баш кылып жоопко тартып чачыратып жоготпосо, Сооронбай Жээнбековду да, иниси Асылбекти да, боктоп, жок кылганга Атамбаев күчүн да, акчасын аябайт. Анткени ал ачык эле “Мен бийликти кантип алмаштырууну билем” деп айтып жүрөт. Сооронбай Жээнбековго ийгилик каалап, Атамбаевге ишенбей, коррупция менен күрөшүүнү чындап баштайт, деген үмүт менен, макаланы бүтүрөм…

Ырысбек Өмүрзаков, журналист

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: