Menu

Анарбек Катаганов, активист: Бөбөктөр тез-тез ооруга чалдыгышат, буга булганган аба себепкер

Бөлүшүү:

Кыш келери менен борбор калаабыз Бишкекти кара түтүн каптайт. Улуттук энергохолдинг муну жаңы конуштарда көмүр жагуудан жана эски унаалардан чыккан түтүнгө шылтап жатышат. ЖЭБ кызматкерлери «кара түтүн чыгарган жалгыз гана булак биз эмеспиз» деп актанып калышты. Эгер ой чаптырып көрсөк,таза абанын булганышына көп себептер бар. Көп убакыттан бери шаар экологиясына байкоо жүргүзгөн жарандык активист Анарбек Катаганов төмөндөгүлөргө токтолду.

Кыш келери менен борбор калаабыз Бишкекти каратүтүн каптайт. Улуттук энергохолдинг муну жаңы конуштарда көмүр жагуудан жана эски унаалардан чыккан түтүнгө шылтап жатышат. ЖЭБ кызматкерлери «кара түтүн чыгарган жалгыз гана булак биз эмеспиз» деп актанып калышты. Эгер ой чаптырып көрсөк,таза абанын булганышына көп себептер бар. Көп убакыттан бери шаар экологиясына байкоо жүргүзгөн жарандык активист Анарбек Катаганов төмөндөгүлөргө токтолду.

– Көптөн бери экология көйгөйлөрүн изилдөөгө алып жүрөсүңөр, өзгөчө кайсы маселелер көзгө көрүнөт?

– Биз бир топ жылдардан бери эле коомубуздагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, күрөш жолунда келебиз. Алгач шаарыбыздагы гидрометцентрге бардык. Ал жактан булганган аба, абадагы калкыган булганыч заттар тууралуу маалымат алып, алар тарабынан тартылган сүрөт, видеолорго күбө болдук.

Экологдорго кайрылдык. Кыш учурунда абадагы булганыч заттын 80%ы автоунаалардан, 20%ы ТЭЦтен жана жеке үйлөрдөн бөлүнүп чыгары маалым болду. Экологдор жай айларында абадагы булганыч заттын 90%ы автоунаалардын үн басаңдаткычынан (глушитель) бөлүнүп чыгарын маалымдашты.

Биз андан соң автоунааларга кароо жүргүзүү бөлүмүнө барып, автоунаабызга кароо жүргүзүп көрдүк. Биздин унаабыз ойдогудай абалда, жогорку сапаттагы май куюлган эле. Бирок байкоо жүргүзө келгенде баары тескерисинче болду, б.а., автоунаабыз 50-60% гана талапка жооп берери маалым болду. Байкоо жүргүзгөн адистер муну майдын сапатынын начардыгынан келип чыккан көрүнүш экенин белгилешти. Арзанына карап бизге сапаты начар күйүүчү майлар келет. Автоунааларга байкоо жүргүзүлбөгөндөн кийин эч ким күйүүчү майдын сапатына маани бербейт, арызданышпайт дагы.

Андан соң онкологдор менен жолугушуу өткөрдүк. Алар биздин булганыч аба менен ар бир эле адам рак дартына кабылып калуу коркунучу бар экенин белгилешти. Ал эми жаңы башталып келе жаткан рак оорусун айыктырууга 35 миң доллар жумшаларын, ал гана эмес ошол акча менен айыгып кетериңди да Кудай өзү билет. Башка маалымат булактарына таянсак, 2011-жылдан баштап азыркы убакка чейин рак илдетинин саны 20%га жогорулаганы белгиленет. Биз атайын изилдөөгө алып көргөндө, кайсы шаардык бейтапканага барба, жаш балдары менен узун кезекке турган ата-энелерди көрөбүз. Жаш балдарда түрдүү оорулардын саны көбөйдү. Балдардын иммунитети начарлап, тез-тез ооруга чалдыгышат. Буга абанын булганышы түздөн-түз таасир этет.

Башкы экологдун анализи

Биология илимдеринин доктору, эколог Эмил Шүкүровдун маалыматына таянсак, экологиянын бузулушуна өзгөчө себепкерлер төмөндөгүлөр:

• Автоунаалардан бөлүнүп чыккан газдар. Экологдун пикири боюнча бул кара түтүндүн пайда болушунун негизги себеби. Анткени Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн алып келинген эски унаалар көп. Алар эскилиги жеткендиктен, зыяндуу заттарды көп бөлүп чыгарат.

• Борбордук ТЭЦ. Бул ишкана атмосферага ар кандай заттарды ири өлчөмдө бөлүп чыгарат. Бирок ТЭЦте отун өтө жогорку температурада күйгүзүлгөндүктөн, зыяны башкаларга салыштырмалуу анча көп эмес.

•Жер үйлөрдө жагылган от. ТЭЦке караганда кооптуурак. Анткени үйдө отун салыштырмалуу анча жогору эмес температурада күйгөндүктөн, көмүр кычкыл газынын ордуна ис бөлүнүп чыгат.

• Таштандыны өрттөө. Таштандыны күйгүзүп салуу зыян алып келерин көпчүлүк түшүнө бербейт. Мында күйгүзүлгөн заттардын басымдуу бөлүгү уулуу газдарды бөлүп чыгарат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: